Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:49

"Тогуз ай машинеде жашадым". Литвадагы борбор азиялык фура айдоочулардын түйшүгү


Литва: Фура айдоочулардын узак жолдогу түмөн түйшүгү
please wait

No media source currently available

0:00 0:41:57 0:00

Литва: Фура айдоочулардын узак жолдогу түмөн түйшүгү

Соңку жылдары борбор азиялык айдоочулар Литванын логистика тармагынын ажырагыс бөлүгүнө айланды. Жыл сайын жүздөгөн айдоочулар Литвага жүк ташыган фура айдап, акча табуу үчүн келишет. Бирок узак сапарга чыккан айдоочулардын арасында катаал шартта иштеп, укугу одоно бузулгандары да аз эмес.

Вильнюстун кире беришиндеги жатаканалардын бирине келдик.

Литванын баш калаасында мындай жайлар ондоп саналат. Капсула керебеттери. Жатаканада шарт жупуну. Кантсе да фуранын кабинасына караганда кыйла ыңгайлуу түнөк.

"Жалпы 25 орун бар. Ушул жерде жатабыз. Уктаганда парданы минтип жаап коебуз".

Вильнюстагы хостел.
Вильнюстагы хостел.

Кыргызстандык айдоочу Нурбек Калдарбек уулу эки жыл мурда жергиликтүү компаниялардын жарыяларын окуп Литвага фура айдап, акча табуу үчүн келген. Биз барган чакта айдоочу узак жолдон эми эле кайтып, жатаканада башка айдоочулар менен бирге эс алып жаткан экен.

Нурбек Сатыбалдиев.
Нурбек Сатыбалдиев.

"Эки айга кеткендер болот. Үч ай, алты ай жүргөндөр болот. Алты ай бою машиненин ичинде жашап, өтөсүң. "Тестдрайв" деп коет, андан кулап калып, кайра Кыргызстанга кеткендер да болот. Башында акчамды бербей койгон күндөр болгон. Мен жаңы келгенде Кыргызстанга кетейин, өзүбүздүн жерден өтөр жок деп кетким келген. Атам көрбөгөн жерге биринчи келгенде ит көрбөгөн күндү көргөм".

Жатакана борбор азиялык айдоочулар үчүн эс алып, мекендештери менен чер жаза баарлашып, кийинки сапарга даярданып алчу жай.

Айдоочулар жашаган жатакана.
Айдоочулар жашаган жатакана.

Айдоочунун иши жеңил эмес. Мындагылардын көбүн мекенинен миңдеген чакырым алыстыктагы Европага үй-бүлөмдү багам деген ниет алып келген. Анын Кыргызстанда үч баласы, жубайы калган.

"Борбор азиялыктардын баары ушул жакка бөлүнүп алганбыз. Баарыбыз бул жактабыз. Киши толтура көп. Шопурдун жашоосу иттин жашоосу деп коет. Бул жерде борбор азия өлкөлөрүнүн желектери турат".

Мындай жатаканаларга акы суткасына карап төлөнөт. Адатта бир түн 10-12 евро турат. Керебеттен тышкары тамак-аш даярдаган ашканасы да бар.

Жатакана.
Жатакана.

Бул жерде туруктуу жашагандар аз. Бири кезегин күтүп, жолго камынып жатса, бири жаңы эле рейстен келген болот. Ошентип, жашоочулар утур-утур алмашып турат.

Жатаканадан анча алыс эмес Вилньюстун жака белинде каз катар тизилип фуралар турат. Адатта борбор азиялык айдоочулар ушинтип өз өлкөсүнүн желегин унаасынын маңдайкы айнегине чаптап алышат.

Мухаммед.
Мухаммед.

Желекти илип койгон фурадан рейстен эми эле келген тажикстандык Мухаммедди жолуктурдук.

- Бул жерде газ баллон, велосипед да бар. Биз токтогон жерлерде дүкөн алыста болсо жөө барбай, велосипед менен жетебиз. Дагы суу, атайын шаймандар да керек болушу мүмкүн.

- Азыр эле тамак жасаган окшойсуз? Бул эртең мененки тамакпы?

Ооба, тамактандык. Биз рейстен бүгүн эле келдик. Бул жерде жүктү түшүрүп коюп, андан ары базага жөнөйбүз. Ал жактан машинаны тапшырабыз.

- Аман-эсен келишиңиз менен!

- Рахмат, 72 күн жолдо болдук. Негизи 60 күн жол жүрөбүз. Бирок бул жолу ушундай болуп калды".

Мухаммед унаасында тонналаган шарап жүктөп келген экен. Адатта, Мухаммеддей айдоочулар айдаган жүк ташуучу унаалардын баасы 150 миң еврого жетип, ал эми алар ташылган жүк кээде 100 миң еврого жетиши мүмкүн.

"Бул жүк негизи Франциядан келатат. Биз муну Германиянын Көлн шаарынан бери чиркеп келатабыз. Мен өзүм Литва, Германия, Польша, Скандинавия өлкөлөрү, Испания, Португалияга баргам. Грекия, Болгария тарапка бара элекмин".

Терминалда кыймыл токтобойт. Бир тарабынан рейске кетип бараткан, бир тарабынан эс алуу көзүнөн учуп, алыскы өлкөлөрдөн келаткан айдоочуларды көрөсүң.

Жамшит.
Жамшит.

"Азыр Казакстанга машинени жеткиргени алып баратабыз. Польша, Румыния, Түркия, Азербайжан аркылуу өтөбүз. Бул биздин экинчи рейсибиз. Мурункусунда эки айга бир жумадай убакыт калганда кирип бардык".

27 жаштагы Жамшиттин эки жылдан бери жашоосу жолдо өтүп жатат.

"Каденция менен чыкканда эки, үч айга чыгабыз. Үч ай эле эмес, бир жыл дагы машине менен жүргөн учурлар болот. Мен мисалы, тогуз ай 12 күн машинеде жашагам. Баары машиненин ичинде. Фуранын иши кыйын, акчасы жакшы. Чыгымдардан тышкары 2500 доллар табабыз. Токтобой айдаган учурлар болот. Бир, бир жарым сутка уктабай айдаган учурларым болгон".

Жамшит да башкалар сыяктуу бир нече аптага жете турган азык-түлүгүн камдап алган экен. Биз аны менен Вильнюстун чыга беришине чейин жол жүрүп келдик.

Литванын борбору Вильнюста ондогон логистикалык база жана борборлор жайгашкан. Алар өлкөдөгү ички жана эл аралык жүктү бөлүштүрүүдө, ташууда негизги ролду ойнойт. Соңку жылдары бул тармак Литванын экономикасынын негизги бөлүгүн түзө алды жана ага бир нече себеп бар.

Литва чоң рынокторду бириктирген транспорттук каттамдардын кесилишинде жайгашкан. Бир тарабында Батыш Европа, түндүгүндө Скандинавия өлкөлөрү, түштүгүндө дагы далай Европа мамлекеттери жайгашкан. Чыгышында Беларус, Орусия, андан ары Борбор Азия мамлекеттери, керек болсо Кытай турат. Жүк ташуучу унаалар Батышта Германия, Франция, Улуу Британияга чейин барат. Фура айдоочулар түндүктө Финляндия, Швеция, Норвегияга чейин барып иштеп келишет. Польша, Чехия, Словакия, Венгрия сыяктуу Борбордук Европа өлкөлөрү литвалык логистикалык компаниялар үчүн негизги багыттардын бири.

2023-жылдагы расмий маалыматка ылайык, Литвада 500дөн ашык ири жана чакан логистикалык жана транспорттук компаниялар катталган.

Бирок жүк ташыган ишканалардын баарында эле шарт зымга тизгендей эмес. Литвалык компанияларга ишке орношкон борбор азиялык айдоочулар арасында убада кылынган акчаны толук ала албай, ара жолдо калгандары да бар.

"Эки ай болду соттон сотко каттап, ушул эле иш менен алекмин. Менин иштеген акчам ушул жерде калып калып атат".

Өзүн Азамат деп тааныштырган бул жигит эл сыяктуу Кыргызстандагы компаниялардын жарыяларын көрүп, тогуз ай мурун Литвага келген. Бирок ал кыялдангандай иш шарттары болгон эмес.

Азамат.
Азамат.

"Жакшы табасың деп айтышкан. Бул жакка келгенден кийин гана түшүндүк. Кыргызстанда чип карта болот деген, андай болгон жок. Бул жакта баары такыр башкача болду. Мисалы, Франциядан 1500 чакырым жол жүрүп койчубуз. Кечиксек айып пул салчу. Менин айлыгым 2500 евродон жогору болуш керек болчу. 1800, 2000 берип жатты. Колдонуп колдонуп туруп, таштап коюшту. Көчөдө калганбыз Германияда. Жата турган жер бар дешкен эле андай болгон жок".

Азамат Литвадагы анча чоң эмес, чакан компанияда иштегенин, баш-аягы 10 миң евродой айлыгын ала албай калганын айтып берди. Ал бүгүн да шашып, Вильнюстагы профсоюздардын бирине жөнөдү.

Коридор.
Коридор.

Узун, күңүрт тарткан коридордо бир нече борбор азиялык мигрант кезегин күтүп отурган экен. Алар камерага арыз-муңун айтууну каалаган жок. Бири гана Өзбекстандан келгенин, айлыгын толук ала албай жатканын учкай айтып өттү.

- Беремин деп эле атат.

- Ошондо 5000 евро бере элекпи?

- Ооба, көп. Ар кандай фирмалар бар экен. Бири дароо төлөйт экен. Дагы бири кийин берет экен. Алар фирманын иши жакшы болбогонуна байланыштуу созо берет экен убакытты. Кудайдан тилейбиз. Чечилип калаар. Мен айлык кечиктирилип жаткандыктан келдим. Арызданайын деген деле оюм жок".

Кызыгы, бул жерге чогулган айдоочулардын айрымдары биз келген профсоюз уюмуна да нааразы болуп жатышты. Кыска убакыт ичинде кесиптик кошуунга каршы кол топтогон ондогон кыргыз мигранты менен сүйлөштүк.

Ошондуктан, профсоюздун өкүлүнө дароо эле шопурлардын нааразычылыгын жеткирдик. Литвадагы жүк ташуучулардын профсоюзунун жетекчисинин орун басары Аудрюс Цузанаускас буларды айтты:

Аудрюс Цузанаускас
Аудрюс Цузанаускас

"Мындай нааразычылыктар тууралуу кабарым бар. Бирок, ар бир иш индивидуалдуу чечилет. Анткени жумушчу дароо келгенде эле маселе чечилбейт. Анткени, мыйзам боюнча айтылып жаткан үч ай ал иштен кеткен убактан кийин гана эсептеле баштады. Мыйзам баарына бир. Киши абдан көп келет. Бул жактагылардын санын алар деле көрөт. Биз баарына жетишпейбиз. Ошондон улам да нааразычылык болушу мүмкүн".

Литвадагы жүк ташуучулардын профсоюзу көз карандысыз уюм. Демек, ага мүчө болгон ар бир айдоочу 350 евро төлөм төлөгөнгө жана соттон уткан учурда кенемте пулдун 20% берүүгө милдеттүү болот. Мындай шартка кайрылган мигранттардын көбү макул эмес экен.

Ошентсе да, Литва өкмөтү Европадагы башка мамлекеттердей эле бул өлкөдө айдоочулар тартыш экенин билдирип келет. Литванын “Linava” улуттук транспорту бирикмесинин маалыматында өлкөдөгү логистикалык компаниялар жыл сайын кеминде 40 миңге жакын айдоочуга муктаж.

2022-жылы Литвада жүк ташыган айдоочулардын саны 80 миңден ашкан. Алардын 80 пайызы чет элдиктер. Көбү Украинадан, Беларустан жана Борбор Азиядан келген.

Орто эсеп менен, эл аралык каттамга чыккан айдоочуларга маршрутка жана аралыкка жараша күнүнө 60 евродон 80 еврого чейин же айына 2000 евродон жогору айлык төлөнөт.

Литвадан коңшу мамлекеттерге жүк ташыган айдоочулар адатта азыраак же айына 1200дөн 1800 еврого чейин маяна алышат.

Вильнюстан дээрлик 200 чакырым алыстыктагы Шяуляй шаары. Вильнюска салыштырмалуу чакан шаар. Бирок ага карабай бул жакта автоунаа базалары борбордогудан да көп.

Жатаканада жашаган борбор азиялыктар.
Жатаканада жашаган борбор азиялыктар.

Ага жараша айдоочулардын түнөгүнө айланган жатаканалар арбын. Кечке жуук алардын бирине баш бактык. Бизди жатаканада жашаган тажикстандык Салих тосуп алды.

"Бул жакта борбор азиялыктар көп. Бүгүн беш адам кетсе, эртең кайра алардын ордуна он адам келет. Бири үйүнө кетет, бири үйүнөн бул жакка келет. Киши үзүлбөйт. Мисалы, бир фирмада отузга жакын айдоочу болсо, анын ону өзбек, кыргыз, казак. Бул жатакананын жайгашкан жери жакшы. Жаныбызда темир жол бекети".

Салих Литвага борбор азиялыктардан биринчилерден болуп келген. Ал бул кесипти аркалаган он жыл ичинде чөлкөмдөн келген ондогон айдоочулардын түрдүү тагдырына күбө болгон.

"Жумушка чыкканга чейин эле 2000-2500 евро чыгым кыласың. Учак билеттери, консулдук акы. Бул жакка келип, адегенде эки-үч апта окуйсуң. Ал акчаны насыяга алып же карыздап келгени болот. Окууну аяктагандан кийин практика жүзүндө тест тапшырып, айдап көрөсүз. Андан бир жолу өтпөй калсаңыз, дагы эки жолу мүмкүнчүлүк берет. Аны кайра тапшырып, сапарга чыгыш үчүн кезек күтүп аткан убакыт өзү деле кеминде 2-3 айга созулат. Келсе баары ойлогондой эмес. Алар өзүнүн мекени же Орусиядан эле ошончо табабыз деп ойлошот."

Орусия демекчи, “Азаттыктын” кабарчылары сүйлөшкөн айдоочулардын басымдуу бөлүгү Орусиянын шаарларында бир нече жылдап миграцияда жүрүп келишкен айтып беришти.

Кыргызстандык айдоочу.
Кыргызстандык айдоочу.

"Быйыл балдар сунуштаганы үчүн келдим. Орусиядагы жагдайды көрүп атасыңар го. Мигранттардын абалы оор. Үч-төрт ай иштегенден кийин прицептен жыгылып түштүм".

Нурбек Орусияда бир нече жыл оор жүк ташуучу унааларды айдап иштеген. Анын Европага келгенине бир жылга жете элек. Биз барган чакта сыркоолоп калганына байланышта өргүүдө экен.

"Билегим сынып кетти. Бул жерде эки сөөк болот экен. Бири билектен, экинчиси манжамдан сынып кеткен. Азыр бирок абалым жакшы. Кудайга шүгүр. Менежер дароо эле чалып, дарыгер чакырып берди. Италияда болду мунун баары. Тилди билбегендиктен, англисче сүйлөп жаттым. Страховка бар деп, баары жакшы. Тыйын кетирген жокмун".

Нурбектин азырынча качан ишке чыгары белгисиз. Ошентсе да ал сыяктуу бул жатаканада баш калкалагандардын дээрлик баарын дагы далай учу көрүнбөгөн узак жолдор күтүп турганы анык.

Ошентип соңку жылдары борбор азиялык айдоочулар Балтика боюндагы чакан өлкөнүн жүк ташуу тармагынын күжүрмөн кыймылдаткычына айлана алышты. Алар мекенинен миңдеген чакырым алыста, чоочун элде, бөтөн жерде жоопкерчиликтүү кесипти аркалап жүрөт. Жай-кыш, ысык-суук дебей, күн-түн жолдо жүргөн мигранттарга мекенинде күткөн үй-бүлөсү, келечекке болгон жаркын ишеними дем-күч берет.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG