Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:11

КМШ: Мигранттардын көйгөйүн акыйкатчылар да көтөрдү


Орусиядагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиядагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Жаңы окуу жылынын 1-чейреги аяктап калса да, Орусияда жашаган кыргызстандык мигранттар балдарын мектепке киргизе албай жатышканын айтышууда. Бул маселени Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Москвада өткөн КМШ өлкөлөрүнүн адам укуктары боюнча комиссиясынын жыйынында көтөрдү.

Ал арада Орусиядан жарым жыл ичинде сот чечими менен өлкөдөн чыгарылган мигранттардын жалпы саны 80 миңден ашканы кабарланды.

"Балдарыбызды үйдө эле кармап отурабыз"

Бир нече жылдан бери Москвада иштеп жүргөн кыргызстандык мигрант Бекжан 1-2-класстагы уулу менен кызын мектепке киргизүү үчүн мыйзамдуу каттоого туруп, аймактык билим берүү департаментинин сайты аркылуу балдарын да мектепке расмий каттатып, арыз берген. Бирок оң натыйжа болгон эмес.

"Биз балдарыбызды мектепке киргизиш үчүн документтердин баары таза болсун деп, өзүбүз башынан чуркадык. Жашаган жерге каттоого турдук. Бүт расмий түрдө сайт аркылуу кетти. Мектеп директоруна өзүбүз да кирип көрдүк. Бизди кабыл албады. Эки жумадай чуркадык. Азыр мына 2-3 ай өттү. Дагы деле жооп келе элек, илинип турат. Айылга жибердик да, анан эмне кылабыз? Балдар окуудан калып жатат. Биз иштешибиз керек. Машина алып алганбыз жарым жартылай төлөп, кетип калалы десек дагы болбойт", - дейт Бекжан.

Аргасы кеткен Бекжан балдарын Кыргызстанга ата-энесине жиберген.

Дагы бир мекендешибиз Бермет да балдарын мектепке бере албай, үйүндө өзү окутууга аргасыз. Ал өздөрү жашаган жердеги катталган мектепке баласын "орун жок" деген себеп менен албай коюшканын "Азаттыкка" айтты:

"Бул жактагы мектептерде окуган балдардын 3-4ү гана мигранттын баласы болсун деген шарттар коюлуптур, ошол "квота толуп калды" деп, биздин балабызды албай коюшту. Жеке мектепке берсем, алыс болуп, айлам кетип чыгарып алдым. Азыр эми үйдө. Бул жакта үйдө эле отуруп калган балдар көп. Жада калса жеке сабак өткөн мугалимге да алып бара албай, айласы кетип, үйдө окутайын десе эмнеден баштап, эмнени окутушту билбеген ата-энелер бар. Менин тааныштарымдын ичинде эле бир далай үй-бүлөлөр ушинтип балдарын мектепке бере албай, үйдө кармап отурушат", - деди Бермет.

Кыргызстандык мигранттардын бири Арген Камалдиновдун уулу учурда Москвада айына 25 миң сомдон акы алган жеке мектепте окуп жатат. Арген 3-класста окуган баласын баргандан бери мамлекеттик мектепке киргизе албай койгон.

Орусиядагы мектептер балдарын кабыл алуудан баш тартып жатканы жөнүндө борбор азиялык мигранттар жай мезгилинен тартып эле даттанып келе жатышат. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) август, сентябрь айларында Орусиянын Москва шаарында жана Москва облусунда балдарын мектепке киргизе албай жаткан кыргызстандык мигранттардын маселесин көтөргөн. Мекеме август айынан тартып эле бул маселеге байланыштуу Орусиянын тиешелүү мамлекеттик органдарына - Президенттин администрациясына, Тышкы иштер министрлигине жана Москва өкмөтүнүн Билим берүү департаментине бир нече кайрылуу жөнөтүлгөнүн билдирген. Министрликтин 19-сентябрдагы маалыматында орус жергесинде кыргыз жарандарынын 224 баласы мектепке бара албай калганы кабарланган.


Быйыл жазында Москвадагы "Крокус сити" соода борборунда болгон теракттан кийин мигранттарга мамиле катаалдашкан. Андан берки аралыкта Мамлекеттик Думада мигранттардын, алардын үй-бүлөлөрүнүн укуктарын чектеген бир катар мыйзам долбоорлору кабыл алынган. Айрым депутаттар мигранттардын балдарын мамлекеттик мектептерге жана бала бакчаларга албоону сунуштап, алар "балдарын акча төлөп жеке мектепте окутушсун" деп чыгышкан. Айрым депутаттар мигранттардын орус тилин билбеген балдарын армияга даярдоочу атайын мектептерге - Юнармияга жөнөтүүнү сунуштаган.

Акыйкатчылардын аракети

Орусиядагы мигранттарга мамиленин катаалдашып, ксенофобиянын күчөшүнө алып келгенине нааразылыгын билдирип, 14-октябрда Тажикстандын акыйкатчысы Умед Бобозода Орусиянын омбудсмени Татьяна Москальковага кайрылган. Тажик акыйкатчысы орусиялык тартип коргоочулар Тажикстандан барган эмгек мигранттарына каршы мыйзамсыз чара колдонгонун, уруп-сабап, акаарат келтирип, орой мамиле кылышканын белгиледи.

Мигранттардын укуктары жана эркиндиктери жаатындагы көйгөйлөр абдан курч бойдон турганын Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева да Москвада өткөн КМШ өлкөлөрүнүн адам укуктары боюнча комиссиясынын жыйынында белгиледи. Ал жалпы шериктештик өлкөлөрүнүн Акыйкатчыларын бул маселени чечүү үчүн чогуу аракеттенүүгө чакырды.

Жыйында Орусиянын акыйкатчысы Татьяна Москалькова КМШ өлкөлөрүнөн келген мигранттардын укуктарынын сакталышы тууралуу документтер президентке жөнөтүлөрүн билдирген.

Акыйкатчынын журналисттерге айткан маалыматына караганда, документтерде мигранттардын укугуна байланыштуу сунуштар жазылган:

Жамиля Жаманбаева.
Жамиля Жаманбаева.

“Бүгүнкү күндө мигранттардын укуктары жана эркиндиктери жаатындагы көйгөйлөр абдан курч бойдон турат. Ошондуктан КМШ өлкөлөрүнүн Акыйкатчы институттары биргелешкен күч-аракеттерди жумшашыбыз керек. Өзгөчө эмгек мигранттарынын укуктары бузулган учурлар көп кездешип жаткандыктан, жыйындын алкагында биз сегиз пункттан турган сунушубузду бердик. Анын ичинде билим алуу укугу, пенсия менен камсыздоо, миграциялык мыйзамдарды жумшартуу жана башкалар бар”, - деди Жаманбаева.

Мигранттардын маселесин Кыргызстандын жетекчилиги ушул эле айда бир нече жолу көтөрдү. Президент Садыр Жапаров 7-8-октябрда Москвада КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин чакан форматтагы жыйынында "мигранттардын киришине чектөөлөрдүн күчөтүлүшүнө тынчсыздануусун" билдирип, КМШнын жарандары шериктештик алкагында эркин жүрө алгыдай чечимдерди издөөнү сунуштаган.
Президенттен бир аз мурдараак Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да Ереванда ЕАЭБдин жыйынында сүйлөп жатып, уюмга мүчө мамлекеттер миграциялык мыйзамдарын биримдиктин нормаларына ылайыктоосу керектигин белгилеген.

Кыргызстан Орусия менен чогуу бир экономикалык уюмда - Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) мүчө. Кыргыз өкмөтү уюмга мүчө болуп кирерде "Орусиядагы миллион ашуун кыргызстандык мигранттардын укугу, кызыкчылыгы үчүн" кирүү зарылчылыгын белгилеген.

Мигранттарды кубалап, кайра эле мигранттарга муктаж болгон Орусия

21-октябрда "Свобода" радиосу быйылкы жарым жылда Орусияда соттун чечими менен 86 миңдей мигрант өлкөдөн чыгарылганын жазды. Алардын басымдуу бөлүгү Орусиянын аймагына кирүү, ал жакта жашоо эрежелерин бузганы үчүн чыгарылган. Ошол эле учурда 120 миңдей мигрантка Орусияга кирүүсүнө тыюу салынган.

Москва шаары жана облусу баш болгон 15 чакты аймакта мигранттар иштей турган иштер чектелген. Алар мектептерде, медициналык мекемелерде, дарыканада, такси жана жүк ташуу кызматтарында иштөөгө укугу жок.

Мигранттар күчтөп чыгарылып, алардын укуктары чектелип жаткан чакта Орусиянын өзү кайра эле мигранттарга - жумушчу күчүнө муктаж болуп турганы кабарланууда. Ага ылайык, орусиялык компаниялардын жарымынан көбү (53%) чет жактан келген жумушчу-кызматкерлер жетишсиз экенин айтышкан. Мигранттарды ишке тартууга миграция мыйзамдары өзгөрүп, катаалдашканы таасир эткени айтылган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG