Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:26

Жапаровдун Москва сапары, мигранттардын даты


Орусияда курулушта иштеген мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусияда курулушта иштеген мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров КМШнын башчыларынын жыйынына катышуу үчүн Орусияга барды. Иш сапар учурунда ал мигранттар маселесин көтөрдү. Бул сапар мигранттарга карата Москванын мыйзамдары катаалдашып, эреже-талаптар күчөгөн маалга туш келди.

Жекшембиде Ош шаарынан Москвага учуп барган каттамдагы жүргүнчүлөрдүн 40ка чукулу Орусияга кире албай, бир нече сааттап кармалганы кабарланган.

"Такыр барбоону чечтим"

Кара-Суу районунун тургуну Исабек жакында эле Орусиядагы бир тууганынын чакыруусу менен Москвага барып, аэропорттон ары кире албай, кайтып келген. Анын айтымында, орусиялык чек арачылар анын телефонун, документтерин көпкө текшерип, аягында артка кайтарган экен. Эмне үчүн киргизбей коюшканын эч ким түшүндүрүп берген эмес.

"Аэропортто 1,5 күн отурдум. Биздин учакты күтүшүптүр, кийин ошентип айтышты. Анан ошого салып, кайра Ошко айдашты. Менден башка да адамдар бар эле. Менин сакалым деле жок эле, себеби бул жактан чыгып атканда айтышкан, "сакал койбой, телефондогу кээ бир тиркемелерди, Ватсапта группаларды өчүрүп алгыла" деп. Менин сакалым жок, намаз окубайм, Москвага мурда такыр барган эмесмин. Ал жакта акем курулушта иштейт, иш бар деп чакырганынан барган элем. Эми такыр барбайм", - деди ал.

Исабек 5-октябрь күнү Ош-Москва каттамындагы учак менен барып, Жуков аэропортунан Орусияга киргизилбей, артка кайтарылган 40тай кыргызстандык жүргүнчүлөрдүн бири. Орусиялык чек арачылар эч кандай түшүндүрүүсүз эле телефондорун, жүктөрүн текшерип, өздөрүн 5-6 сааттап кармап, айрымдарды артка кайтарып жибергенин "Азаттыкка" дагы бир жүргүнчү ырастаган.

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Бул окуя боюнча Кыргызстандын Москвадагы элчилиги, Тышкы иштер министрлиги жана Орусиянын тиешелүү мекемелери комментарий бере элек.

Мигранттар көйгөйү, Жапаровдун сапары

Мигранттар аэропорттон кыргызстандыктарды кийирбей коюу кийинки убактарда жаңылык болбой калганын айтышууда.

Назира Акбаралиева.
Назира Акбаралиева.

"Рейддер, текшерүүлөр аябай күчөп кетти. Сахаров борборунда жаткан мигранттар да толтура. Мен бир нерсени белгилеп кетким келет, Москвага учак менен келип, аэропорттордо 40 адам, 80 адам, андан да көп адамдар кайтарылган учурлар көбөйдү. Айрыкча Шереметьеводо жок жерден эле кармап, кайтарган учурлар бар. Москвага биринчи жолу келип аткандарды деле кайтарып салып атышат. Мейли, мурда Орусияда жүрүп, мыйзам бузуп же айып пул төлөбөй койгондорду киргизбей койду дейсиң, бирок биринчи жолу келип аткандарды деле киргизбей коюп атышат. Ушул жагдай аябай көп болуп жатат", - деди Назира Акбаралиева.

8-октябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров иш сапары менен Орусияга барып, КМШнын мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты. Быйыл мигранттарга кысым-басым өзгөчө күч алганын айткан Назира алар президент Садыр Жапаровдун сапарынан көптү үмүт этип отурушканын "Азаттыкка" билдирди:

"Каттоого туруу аябай оор болуп калды. Мурда тааныштарга айтып, үйлөрүнө каттоого туруп калчу элек. Азыр эми алардын үйлөрүн да текшерип, ал жакта жашабагандарды аныктап, жашаганын да аныктап, "мыйзамсыз миграция уюштурган" деп камап атышат. Ушундан улам, азыр тааныштар да коркуп, каттабай калышты. Кыргыздар балдарын мектепке киргизе албай, айылга, көпчүлүгү туугандарына жиберишти. Ата-энелер бийликке кайрылуу да кылышкан. Мына ушул маселелердин баарын биздин жетекчилер бул жакка келген соң, бул жактагы жетекчилер менен аз болсо да сүйлөшүп, чечип кетсе болмок. 1-декабрдан, 1-январдан тартып дагы мигранттарга кысым күчөйт деп атышат. Ошолордун алдын алса жакшы болмок".

Президент Жапаров Москвада КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин чакан форматтагы жыйынында мигранттардын укуктарын чектөөгө байланыштуу маселени көтөрдү.

8-октябрда президенттин сайтына жарыяланган маалыматка караганда, Жапаров "мигранттардын киришине чектөөлөрдүн күчөтүлүшүнө тынчсыздануусун билдирген".

Ал миграция багытында кызматташууну активдештирүүгө чакырып, эл ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө, мигранттардын укуктарын толук форматтуу ишке ашырууга, КМШнын алкагында алардын эркин жүрүүсүн камсыз кылууга багытталган чечимдерди издөө ишин улантуу зарылдыгын белгиледи.

КМШ, ЕАЭБге мүчөлүктүн кереги барбы?

Кыргызстандын мамлекет башчысынын мындай сунуштарына Орусия бийлиги канчалык көңүл бурары азырынча белгисиз.

Быйыл март айындагы "Крокус" соода борборундагы террордук окуядан кийин Орусияда борборазиялык мигранттарга мамиле катаалдашып, түрдүү текшерүүлөр, укуктарын чектөө күч алган. Өзбекстан менен Тажикстандан айырмаланып, Кыргызстан Орусия менен чогуу бир экономикалык уюмда - Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) мүчө. Кыргыз өкмөтү уюмга мүчө болуп кирерде "Орусиядагы миллион ашуун кыргызстандык мигранттардын укугу, кызыкчылыгы үчүн" кирүү зарылчылыгын белгилеген.

Ырасында башка коңшулардын жарандарына караганда кыргызстандыктарга Орусияда жашап-иштөөгө кыйла жеңилдиктер берилген. Бирок акыркы убактарда каттоого туруу, балдарды мектепке киргизүү сыяктуу көйгөйлөр пайда болгон.

30-сентябрда Орусияда мыйзамсыз миграцияны ооздуктоого багытталган кезектеги мыйзам долбоорлору сунушталганы белгилүү болду.

Орусиядагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиядагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Мигранттардын укуктарынын чектелиши боюнча маселени жакында эле Ереванда ЕАЭБдин жыйынына барган учурда Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да козгогон. Ал уюмга мүчө мамлекеттер миграциялык мыйзамдарды кабыл алууда биримдиктин нормаларын эске алуусу тийиштигин белгилеген.

“Мыйзам чыгаруу демилгелери ЕАЭБ жөнүндө келишимдин нормаларына карама-каршы келбеши керек, башкача айтканда, биздин иштеп жаткан жарандарыбызга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө тиешелүү болбошу керек. Мамлекеттик органдар тарабынан демилгеленген документтерде да, коомдук мейкиндикте да ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана ага мүчө болбогон өлкөлөрдүн жарандарынын укуктарын так бөлүп көрсөтүү зарыл”, - деген Акылбек Жапаров.

"Жумушчу жок"

Москвада КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери саммитке чогулган чакта "Коммерсант" басылмасы Орусиядагы ишканалар чет элдик жумушчулардын жетишсиздигинен кыйнала баштаганын жазды. Буга негизинен мигранттарды ишке алуудагы киргизилип жаткан талаптар жана чектөөлөр таасир эткени жазылган.

"Мыйзамсыз миграцияга каршы күрөштү күчөтүү жана Орусияда мыйзамдуу түрдө ишке орношууну каалаган чет элдик жарандарга талаптардын катаалданышы - эмгек рыногундагы сунуштардын мындан ары да кыскарышына алып келет", - деп белгилейт басылма.

Басылма жумушчуларды ишке орноштуруу менен алектенген hh.ru агенттигинин сурамжылоосуна шилтеме кылып 53% ишканалар чет элдик жумушчуларга муктаж экенин эске салды. Маалыматка ылайык, учурда Орусиядагы эмгек рыногунда түрдүү чектөөлөргө карабастан, КМШ жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары 48% түзөт, Евробиримдиктен келгендер 33%, калгандары Азия, Африка жана Жакынкы Чыгыштан келген мигранттар. Ошол эле учурда өндүрүштө, курулушта, тейлөө тармагында жана тамак-аш даярдап жеткирүү, жууп-тазалоо (анын ичинде көчө шыпыруу) тармактарында жумушчулар жетишсиз.

2025-жылдан тартып Москва облусунун бийлиги облус аймагында мигранттарга ишмердиктин бир катар түрлөрү менен алектенүүгө тыюу салары айтылып жатат. Андай болсо алдыда мигранттар үчүн дагы бир катар чектөөлөр жаралат.

Соңку расмий маалыматтарга караганда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG