Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:31

"Биздин бийликти күнөөлөйм". Орусиядан айдалган мигранттар иш таппай убара


Орусиялык полиция кызматкери Новосибирскидеги миграциялык борбордо күзөттө турат.
Орусиялык полиция кызматкери Новосибирскидеги миграциялык борбордо күзөттө турат.

2024-жылдын жети айында Москва өлкөдөн чыгарылгандардын жана кирүүгө тыюу салынгандардын саны рекорддук чекке жеткенин жарыялады. Алардын дээрлик көпчүлүгү Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын жарандары экени белгилүү болду.

Өзбекстандык Дилфуза Хайитова былтыр Орусиядан депортациялангандан бери өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Термез шаарында жумушу жок отурганын айтат. Жалгыз бой эне чогулткан желим бөтөлкөлөрдү өткөрүп күн көрүүгө аргасыз.

Кызы менен ижарага чыгууга каражаты жок Дилфуза карыган атасынын үйүндө жашайт. Анын айтымында, күнүнө тапкан 30 миң сум акчасы (2,50 доллар) нанга жана башка негизги муктаждыктарга араң жетет.

"Акчанын жоктугунан чарчадым. Бул жерде жумуш жок. Атам болбосо мен жашай алмак эмесмин", - дейт Дилфуза Хайитова.

Орусиядан депортациялангандан кийин өз өлкөсүндө жумушсуздук менен күрөшүп аткан борбор азиялык он миңдеген мигранттардын бири.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, жыл башынан июль айына чейин 143 миңден ашуун кишиге өлкөгө кирүүгө тыюу салынган, бул 2023-жылга салыштырмалуу алда канча көп.

Ал эми Орусиядан дээрлик 93 миң чет өлкөлүк депортацияланган, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 53% көп.

Январдан июлга чейин убактылуу жана туруктуу жашоого уруксат алгандардын саны былтыркыга салыштырмалуу 44% жана 18% азайган.

Министрликтин маалыматы боюнча, быйыл жыл башынан бери 1053 кишинин орус жарандыгы жокко чыгарылды жана мигранттарга таандык ишканаларды бутага алган рейддер кескин көбөйдү.

Орусиянын ички иштер мекемеси ай сайын статистикалык маалымат бербесе да, 22-мартта Москвадагы "Крокус Сити Холлдо" кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин өлкөдөн депортацияланган мигранттардын саны болуп көрбөгөндөй өскөнүн белгилейт.

Кылмышка шектүүлөрдүн төртөө тажик тектүү жарандар экени аныкталган. Бул окуя миллиондогон борбор азиялык мигранттар жашаган Орусияда антимигранттык маанайды ого бетер күчөткөн.

Дилфуза Хайитова
Дилфуза Хайитова

Дилфуза Хайитова "Крокус Сити Холлдогу" кандуу кол салуудан бир нече күн өткөндөн кийин Москвадагы рейд учурунда кармалган. Анда полиция өзбекстандык мигрант жумушка орношууга уруксат алуу шарттарын бузганы үчүн депортацияланарын билдирген.

Москвадагы ресторандардын биринде идиш-аяк жууп, күнүнө 25 доллар акча тапкан Дилфуза мүмкүнчүлүк болсо Орусияга кайра кайтып барарын жашырбайт.

Расмий Ташкент өлкөдө жумушсуздуктун деңгээли салыштырмалуу азайганын (6,8%) ырастоодо, бирок көпчүлүк бул көрсөткүч чындыкка туура келбейт деп эсептейт. Жумушка орношуу боюнча расмий маалыматтар сезондук жана убактылуу жумуштарды, айрыкча айыл чарба тармагында иштегендерди камтыйт.

Убадаланган жумуштар кайда?

Коңшу Тажикстанда абал андан да начар, ал жактагы үй-бүлөлөрдүн жарымынан көбү Орусиядан келген мигранттардын акчасына ашкере көз каранды.

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарынын тургуну Мирмох Шамсова "Крокус Сити Холлдогу" кандуу калабадан улам жумушсуз калып, Орусияга кайтып келгенден бери иш таба албай убара.

Мирмохтун күйөөсү төрт жыл мурун оорудан каза болуп, үй-бүлөнүн жүгү өзүнө түшкөндөн кийин Орусияга миграцияга кеткен. Үй кызматтарында, момпосуй чыгаруучу цехте иштеп, күнүнө орточо эсеп менен 30 долларга жакын акча таап келгенин айтып берди.

Полиция июль айында Орусиянын Казан шаарында эмгек мигранттарына каршы рейд жүргүзгөн.
Полиция июль айында Орусиянын Казан шаарында эмгек мигранттарына каршы рейд жүргүзгөн.

Тажикстандын Эмгек министрлиги 2024-жылдын биринчи жарымында эле 100 миңден ашык жаңы иш орду түзүлгөнүн билдирген.

"Бул иш орундары кайда, мен ага тапшырып, биринде иштей аламбы? Жада калса тазалыкчы болуп орношконго сенден 150-200 доллар пара сурашат. Менде мындай акча жок", - дейт тажик келин.

Кеңири жайылган паракорчулук жана жумуш орундарынын жетишсиздиги тууралуу дооматтарды жумуш издеп жүргөн тажикстандыктардын көбү айтып келишет.

Мирмох Шамсова кайра миграцияга кетиш үчүн Орусияда кырдаалдын "тынчышын" күтүп жатканын айтат. Бирок бул жакын арада өзгөрөт деген эч кандай белги жок.

"Мен өзүбүздүн өкмөттү күнөөлөйм"

Орусиянын бийлиги Борбор Азиянын жарандарын, анын ичинен мигранттарды, студенттерди жана башкаларды паспортунун жана уруксат кагазынын жарактуулугуна карабастан депортациялоону же өлкөгө кирүүгө тыюу салууну улантууда.

Жабырлануучулардын айрымдары аэропорттордогу жана чек ара бекеттериндеги убактылуу кармоочу жайларда полиция кызматкерлери аларды кемсинткенин, атүгүл ур-токмокко алганын айтышат.

Орусиянын Тамбов облусундагы Мичурин айыл чарба университетинде окуган тажикстандык Мухаммаджон Боев мекенинен кайтып келе жатканда Саратов чек ара бекетинен кармалганын айтты.

"Алар менин паспортумду жана студенттик билетимди алып, убактылуу кармоочу жайга алып барышты. Алар мени үч күн ошол жерде кармап, шылдыңдап, тилдеп, сабашты. Колум сынып кала жаздады", — деп жазат ал Орусиянын Дүйшөмбүдөгү элчисине жөнөткөн ачык катында.

Боев Орусиядан себепсиз чыгарылганын айтууда. Тажикстандын Билим берүү министрлигинин кызматкерлери быйыл дагы кеминде беш тажик студент Орусияда ушундай кырдаалга кабылганын билдирди.

Самарканд - Москва каттамынан ондогон жүргүнчүлөрдүн Орусияга кирүүсүнө тыюу салынган.
Самарканд - Москва каттамынан ондогон жүргүнчүлөрдүн Орусияга кирүүсүнө тыюу салынган.

30-июлда Шереметьево аэропортунда Самарканд - Москва каттамындагы кеминде 100 өзбекстандык жүргүнчүнүн Орусияга кирүүсүнө тыюу салынганы кабарланган.

Өздөрүн Аслиддин, Искандар жана Сирож деп тааныштырган мигранттар аэропортто бир жарым күн кармалып, үйлөрүнө депортацияланган рейс боюнча тартылган видеолорун "Настоящее время" телеканалына жөнөткөн.

Аэропорттун кызматкерлери алардан манжа издерин жана ДНК үлгүлөрүн алып, андан кийин 20 жылга Орусиядан депортацияланганын билдиришкен.

"Алар бизди эмне үчүн депортациялап жатышканын түшүндүргөн жок. Биз эч кандай мыйзамсыз иш кылган жокпуз", - дейт өзбекстандык мигранттар.

23 жаштагы Сирож "Настоящее время" телеканалына билдиргендей, ал жана өзүнө окшогон көптөгөн мигранттар Москвага билетти карыз акчага сатып алып, Орусияда иштеп тапкан каражат менен карыздан кутулабыз деп үмүттөнүшкөн.

"Мен азыр эмне кыларымды билбейм. Өзбекстанда жумуш жок. Айына 240 доллар айлыкка жумуш тапса болот, бирок ал акча жашоого жетпейт. Мен мурун фермада иштечүмүн, бирок быйыл түшүмдүн баасы түшүп, Орусияга барууну чечкем", - деди ал.

Орус бийлиги өлкөдөгү борбор азиялык мигранттардын санын 10,5 миллионго чапчыганын кабарлайт, бирок башка булактар бул сан алда канча аз экенин белгилешет.

Орусиянын Оренбург облусунда жашаган тажикстандык Нисо Шерматова туруктуу жашоого уруксат алуу үчүн арыз бере албай келет. Ал күйөөсү салык төлөгөн, мыйзамды бекем сактаган Орусиянын жараны экенин жана наабайканада мыйзамдуу иштегени үчүн арыз берүүгө укугу бар экенин айтууда.

Тажик келин сентябрь айында миграция кызматынын кызматкери ага "мекемеде азыр Тажикстандын жарандарынын арыздарын кабыл албоо боюнча көрсөтмө бар" деп айтканын белгилейт.

"Мага Орусиянын мигранттарга жасаган мамилеси жакпайт, бирок кээде Орусия жана башка чет мамлекеттер бизге эч нерсе карыз эмес деп ойлойм. Мен өз жарандарыбызды ойлобогон өзүбүздүн өкмөткө, Тажикстандын өкмөтүнө нааразымын. Үйүбүздө кадимкидей жашоо болсо, жакшы жашоону чет өлкөдөн издебейт элек", - деди Нисо "Азаттыкка".

XS
SM
MD
LG