Бишкектеги мектептерде 50 миң бала ашыкча окуп жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкек шаарында мектептерде 50 миң бала ашыкча окуп жатканын билдирди.

Министр Жогорку Кеңештин 9-октябрдагы жыйынында Кыргызстанда 2173 мамлекеттик жана 204 менчик орто мектептер бар экенин айтты. Аларда жалпы 1 миллион 491 миң бала билим алат.

Догдуркүл Кендирбаева Бишкек шаарында элдин саны көп болгондуктан, билим берүү мекемелерине окуучуларды белгиленген сандан көп кабыл алууга туура келип жатканын кошумчалады. Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, шаарда мектептерде бир класста 36дан ашык окуучу болбошу керек.

Кыргызстанда жалпы билим берүү уюмдарында окутуу беш - кыргыз, орус, өзбек, англис жана тажик тилдеринде жүргүзүлөт. 1 668 мектепте окутуу кыргыз тилинде, 274 мектепте орус тилинде, 18де өзбек тилинде болот. Үч билим берүү жайында окуучулар тажик тилинде окуса, беш мектепте англис тилинде сабак өтүлөт.

Мындан тышкары окутуу 709 мектепте аралаш тилде, анын ичинен 548 мектепте кыргыз жана орус тилдеринде жүрөт. (BTo)

Дагы караңыз

Парламентте өкмөт мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги тууралуу маселе көтөрүлдү Журналист Адыл Акжол уулунун камактагы мөөнөтү узартылдыОшто диний окуу жайларга видео камераларды коюу тапшырмасы берилдиУлуттук банк валюта базарына 54 миллион 500 миң доллар саттыГрузияда түрмөдө отурган азери журналисти ооруканага түштү8-октябрь: Жапаров мигранттардын маселесин көтөрдү, "Хезболланын" командири өлтүрүлгөнү кабарланды