Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:18

Парламентте өкмөт мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги тууралуу маселе көтөрүлдү


Нурланбек Шакиев.
Нурланбек Шакиев.

Жогорку Кеңештин 9-октябрдагы жалпы жыйынында спикер Нурланбек Шакиев Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрүн тартипке чакыруу керектигин айтты.

Мунун алдында депутаттар Эрулан Көкүлов аткаруу бийлигинин мүчөлөрү депутаттар эл менен өткөргөн чогулуштарга келбей жатканын, Марат Мураталиев мамлекеттик мекемелерге кирүүдө алардын жетекчилеринин уруксаты керек болгонун билдирген.

Спикер маселени чечүү талабы менен Министрлер кабинетине кайрылды.

“Министрлер кабинетинин жоопкерчилиги жок мүчөлөрүн тартипке чакырыш керек. Эгерде силер жаза бербесеңер биз жазалаганга укугубуз бар жана мүмкүнчүлүгүз да жетет. Ошондуктан маселени ырбатпай эскертүү берип койгула”, - деди ал.

2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Конституция өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла азайган.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышында 120 депутат болгон. 29-декабрда ишин баштаган VII чакырылыш 90 депутаттан турат. Алардын 54ү партиялык тизме менен шайланып келди. 36сы өлкө боюнча түзүлгөн округдардан шайланат. (BTo)

XS
SM
MD
LG