Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:25

8-октябрь: Жапаров мигранттардын маселесин көтөрдү, "Хезболланын" командири өлтүрүлгөнү кабарланды


Олжобай Шакир. Архив.
Олжобай Шакир. Архив.

8-октябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Жазуучу Олжобай Шакир эркиндикке чыкты

Жогорку сот жазуучу жана публицист Олжобай Шакирди коюлган айып боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробация менен эркиндикке чыгарды. Жазуучу ушул эле күнү Бишкектеги №1 тергөө абагынан бошотулду. 14-майда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту Олжобай Шакирди беш жылга эркинен ажыраткан. Чүй облустук соту 15-июлда өкүмдү күчүндө калтырган. Жазуучу чечимди “адилетсиздик” деп айткан. Анын адвокаттары эки инстанциянын чечимине каршы Жогорку сотко кассациялык арыз берген. Олжобай Шакирге Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен иш козголуп, 2023-жылы 23-августта кармалган.

Жоомарт Карабаев сотто коюлган айыпты четке какты

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдин иши карала баштады. Соттук отурумда прокурор айыптоо актысын окуду. Ал шектүүгө жазуу түрүндө берилбегендиктен, кийинки соттук жараян 14-октябрга жылдырылды. Жоомарт Карабаев сот залынан чыгып баратып, коюлган айыптарды четке какты. УКМК кызматкерлери аны 2-июлда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып коюлганы кабарланган. Жоомарт Карабаев мурдараак Улуттук илимдер академиясынын адистери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен жазарын айтып чыккан. Экспертизаны тиешелүү сертификаттары жок кызматкерлер жасай турганын билдирген.

Президент Жапаров Москвада мигранттарга байланышкан маселе көтөрдү

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчыларынын кеңешинин чакан форматтагы жыйынында эмгек мигранттарына байланыштуу маселе көтөрүп, Жапаров "мигранттардын киришине чектөөлөрдүн күчөтүлүшүнө тынчсыздануусун билдирген". ал миграция багытында кызматташууну активдештирүүгө чакырып, эл ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө, мигранттардын укуктарын толук форматтуу ишке ашырууга, КМШнын алкагында алардын эркин жүрүүсүн камсыз кылууга багытталган чечимдерди издөө ишин улантуу зарылдыгын белгилеген. Жыйында президенттер шериктештиктин алкагында кызматташууну тереңдетүү, регионалдык жана эл аралык маселелерди талкуулашты.

Базарбеков сот системасы тазаланып жатканын айтты

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков сот системасы мыйзам бузган судьялардан тазаланып жатканын билдирди. Ал Жогорку Кеңештин тамактык комитетинде: “Сот тутуму тазаланышы керек болуп жатат. Андайлар өтө көп. Көбү жаш эле кадрлар. Ошолор ар кандай иштерди кылып жиберишүүдө. Анан аларды кантип жашырасың? Мен андай иштерге бара албайм. Ошондуктан аларга каршы күрөш жүрүүдө”, - деди. Расмий маалымат боюнча, 2023-жылы судьяларга каршы 760 арыз түшүп, анын негизинде 35 судья тартиптик жазага тартылып, дагы сегиз судья ар кандай жагдайда кызматтан кеткен.

Бишкекте жол кирени 40 сомго чейин көтөрүү сунушталды

Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспортто жол кирени накталай төлөгөндөргө жол кирени жогорулатуу сунушун берди. Муниципалитеттин Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин жетекчисинин орун басары Бакытбек Сарымсаков “Азаттыкка” анын суммасын 40 сомго чейин көтөрүү каралып жатканын айтты. Мэрия бул элди электрондук жол кире төлөм системасын колдонууга кызыктыруу үчүн жасалып жатканын билдирди. Ушул тапта автобус жана троллейбуста жол кире “Тулпар” жана банк карталары менен 17 сом, накталай 20 сом, MegaPay сервиси аркылуу 11 сом, менчик автобус жана маршруткаларда 20 сом. Борбордо жол кире акыркы жолу быйыл январь айында көтөрүлгөн.

Израил "Хезболланын" дагы бир командирин жок кылганын жарыялады

Израил армиясы (ЦАХАЛ) маалымдагандай, Бейрутта "Хезболланын" (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) жогорку кызматтагы командирлеринин дагы бири Сухаил Хусейни 7-октябрда атайын бутага алынып өлтүрүлдү. Ал куралдуу топтун жогорку аскердик органы деп эсептелген "Жихад кеңешинин" мүчөсү, бюджет, башкаруу жана логистика маселелерине жооптуу киши болчу. "Иран жана "Хезболла" ортосунда курал-жарак берип турууда чечүүчү роль ойноп келген", - деп маалымдады ЦАХАЛ. ("Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.) "Хезболла" бул маалыматты жокко чыгарган да, ырастаган да жок.

Украина бир нече аймагында Орусиянын соккусунан адамдар жараат алганын билдирди

Херсон облусунда артиллериялык аткылоодон бир нече киши жараат алганы, бир дүкөн талкаланганы, 51 жаштагы аял көчөдө кетип бараткан учурда ага дрон менен жардыргыч ыргытылганы, Харьков облусунда жарандык өндүрүш ишканасы кыйраганы, 16 жергиликтүү тургун жараат алганы, үчөөнүн абалы оор экени маалымдалды. Фронтто соңку суткада 172 жолу кагылышуу болгонун, оор абал Покровск жана Курахово багыттарында сакталып турганын, аскерлер жайгашкан жерлер менен калктуу пункттар жалпысынан 4420 жолу аткыланганын, төрт жолу ракеталык, 72 жолу авиациялык, 1508 жолу дрон менен сокку урулганын өлкөнүн Куралдуу күчтөрү билдирди. Одесса аймагына дрон жана баллистикалык ракета менен бүгүн да сокку урулду.

АКШнын президенттигине талапкер, вице-президент Камала Харрис Украина маселеси боюнча сүйлөшүүлөр Киевдин түздөн-түз катышуусу менен гана өтүшү керек деп эсептейт.

7-октябрда CBS телеканалына курган маегинде ал эгер Кошмо Штаттарга президент болуп шайланып калса Украина менен Орусия ортосунда тынчтык келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүнү орус президенти Владимир Путиндин өзү менен гана эки тараптуу негизде жүргүзбөй турганын айтты. Харрис Украинанын НАТОго мүчө болуу маселесине байланыштуу суроого түз жооп берүүдөн баш тартып, азыркы тапта бул өлкөнүн Орусиянын агрессиясынан коргонуу мүмкүнчүлүгүн бекемдөө аракети көрүлүп жатканын белгиледи. Украин президенти Владимир Зеленский менен жалпысынан алты ирет жолукканын, украин элине колдоосу чексиз экенин айтты.

Казакстанда 45 миң гектар талааны өрт каптап, киши өмүрү кыйылды

6-октябрда Караганды облусунун Каркаралы районуна караштуу Коянды айылында куураган чөп күйүп, өрт андан ары коңшу Павлодар облусундагы Баянауыл улуттук паркынын аймагын каптаган. 7-октябрдын кечинде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Павлодарда 10 миң гектар жердеги өрттүн жайылышы токтотулганын билдирген. Каркаралы аймагындагы өрт да чектөөгө алынды, ал жерде күйгөн талаанын жалпы аянты 35 миң гектарга жетти. Карагандыда өрттү өчүрүү учурунда беш киши жабыркады. Алардын биринин абалы оор экенин, себеби денесинин 35 пайызы күйгөнүн жергиликтүү оорукананын дарыгерлери билдиришти. Ал эми 33 жаштагы өрт өчүрүүчү Хали Хайрат тилсиз жоо менен кырсык болгон жерде алышып жатып каза тапканы 7-октябрда кабарланды.

XS
SM
MD
LG