Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:23

Улуттук банк валюта базарына 54 миллион 500 миң доллар сатты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк 9-октябрда валюта базарына 54 миллион 500 миң доллар сатты. Бул маалымат банктын расмий сайтына жарыяланды.

Ушуну менен өлкөнүн негизги банкы жыл башынан бери 19 ирет интервенция жасап, анын көбүндө долларды сатып алды.

Ушул тапта доллардын расмий курсу 85 сом 6 тыйын болууда. Коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында бир доллар 85 сом 10 тыйындан сатып алынып, 85 сом 60 тыйындан сатылууда.

Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. (BTo)

XS
SM
MD
LG