Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:27

Журналист Адыл Акжол уулунун камактагы мөөнөтү узартылды


Сүрөт Адыл Акжол уулунун Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
Сүрөт Адыл Акжол уулунун Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын директорунун мурдагы орун басары, журналист Адыл Акжол уулунун камактагы мөөнөтүн 4-ноябрга чейин узартты. Анын бөгөт чарасын райондук сот 3-октябрда караган.

Адыл Акжол уулу кармалганы 12-августта белгилүү болгон. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалыматына караганда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып таккан.

УКМК журналисттин иши жөнүндө комментарий бере элек.

Адвокаты Назик Ажымаматова анын кармалышына быйыл июлда каза болгон 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмү тууралуу видео себеп болгонун “Азаттыкка” билдирген.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы сентябрь айында журналистке Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси боюнча дагы бир кылмыш иши козголгонун кабарлаган.

33 жаштагы Адыл Акжол уулу 2022-жылдан 2023-жылдын июнь айына чейин мамлекеттик ЭлТР телеканалынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Былтыр июль айында УТРКнын директорунун орун басары болуп дайындалып, бул кызматтан быйыл март айында кеткен.

Адыл Акжол уулу блогер катары да таанымал. Анын өзүнүн аты-жөнү менен ачылган Ютуб каналында 800 миӊге жакын катталуучусу бар. Негизинен социалдык көйгөйлөр, саясий темалар боюнча видеолорду чыгарат.

Быйыл июлда Бишкектеги №4 ооруканада каза болгон 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмүнөн кийин үй-бүлөлүк зомбулук маселеси коомчулукта катуу талкууланган, Адыл Акжол уулу маркумдун кайын атасынан дээрлик бир сааттык маек алып, өзүнүн Ютубдагы баракчасына чыгарганы талкууга түшкөн. Бир катар укук коргоочулар, журналисттер видеону бир жактуу деп айыптап чыгышкан, Акжол уулу маекти сындап комментарий жазгандарды уят сөздөр менен сөккөнүн айтышкан.

Айтурган Маматкулованын бир жыл мурда турмуш курган жолдошу ал өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын айтса, келиндин жакындары күйөө баласын күнөөлөп жатат. Келиндин өлүмүнө байланыштуу Кылмыш-Жаза кодексинин 128-беренеси (“Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү”) менен иш козголгон.

Анын жолдошу 1-сентябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. (BTo)

XS
SM
MD
LG