Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:27

Грузияда түрмөдө отурган азери журналисти ооруканага түштү


Афган Садыгов.
Афган Садыгов.

Грузияда расмий Бакунун өтүнүчү менен кармалып, камакка алынган азербайжандык журналист Афган Садыговдун ден соолугу начарлап, түрмөнүн ооруканасына жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн 8-октябрда “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна анын жубайы Севинж Садыгова билдирди.

Тбилисинин Глдани районундагы абакта отурган Садыгов 21-сентябрда ачкачылык жарыялаган. Бул акциясы менен ал Азербайжанга экстрадициялоо аракетине каршылыгын билдирүүдө.

Садыгова күйөөсү менен 4-октябрда тергөө абагында көрүшкөнүн, ал өз алдынча баса албай калган абалда болгонун айтууда.

2020-жылы Садыгов соттун өкүмүнө каршылыгын билдирип, Азербайжанда 242 күн ачкачылык кармаган, ошондо анын саламаттыгы кыйла начарлаганы айтылган.

Azel.TV жаңылыктар каналын жетектеп, азери бийлиги тууралуу сын көз карашын ачык айтып келген журналист 2016-жылдан бери Бакуда бир нече жолу кармалып, бир жылдай убакыт абакта отуруп чыккан. Мекенинде ага «акча талап кылган» деген айып тагылган, өзү мындай кинени саясий куугунтук деп атоодо. 2023-жылы май айында абактан ырайым менен бошотулган журналист декабрь айында Грузияга чыгып кеткен, ал жактан Бакунун өтүнүчү менен быйыл август айында кармалган.

Грузиянын миграция кызматы Садыговго саясий башпаанек берүүдөн баш тарткан.

Amnesty International эл аралык уюму грузин бийлигин журналистти мекенине жөнөтпөөгө чакырып, ал жактан кыйноого же өлүмгө кабылышы мүмкүн экенин эскерткен. (RK)

XS
SM
MD
LG