Ал өлкөгө көчүп келген бир ууч этностук кыргыздардын ичинде жарандык ала албай жүргөндөр бар экенин, жогорку окуу жайларда окуу кыйын болуп жатканын, буга өкмөттүн колдоосу зарыл экенин айтып берди. Ошондой эле ал президент кабыл алса, Памир кыргыздарына пайдалуу жеке долбоорлору бар экенин баяндады.
- Абдулвахил мырза, саламатсызбы! “Азаттыкка” памирлик кыргыздардын маселеси боюнча кайрылып олтурасыз. Алгач өзүңүз тууралуу азыноолак маалымат берсеңиз?
- Саламатсыздарбы! Менин кайрылуумду кабыл алып, маек курганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем. Аты-жөнүм – Турдакун уулу Абдулвахил Памири. Кыргызстандын Нарын облусуна 2017-жылы алгачкы топ менен көчүрүлүп келген Памир кыргыздарынын биримин. Бул жакка келгенден кийин Нарын шаардык №87 кесиптик-лицейде билим алдым. Аны аяктаган соң ОшМУну англис тили багыты боюнча бүтүргөм. Азыркы учурда Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун журналистика факультетинде билим алып жатам. Токмок шаарында жашайм. Окуу менен бирге "Памир кыргыздары" коомдук фондунун төрагасы катары да иш жүргүзүп келем.
- Кыргызстанга үч этап менен көчүрүлүп келген Памир кыргыздарынын учурдагы негизги көйгөйлөрү тууралуу кеңири айтып берсеңиз. Алардын азыр орчундуу кандай кыйынчылыктары бар?
- Азыр Кыргызстандын аймагында памирлик 44 түтүн, жалпысынан 176 киши жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү Ош облусунун Алай районундагы Талды-Суу жана Чоң-Алайдагы Бурган-Суу айылдарында жашайт. Ал жерге атайын памир кыргыздарына арналып кыргыз өкмөтү тарабынан үйлөр салынган. Кандай маселелери болсо, биздин фондго кайрылып турушат. Азыр бир нече көйгөйлөр бар. Биринчиден, жакын арада эле мамлекет жана жеке демөөрчүлөр тарабынан салынган жогорудагы үйлөрдүн кызыл китептерин алыша элек. Ар бир үй-бүлөгө тапшырылган үйлөрдү өз атына каттатып, кызыл китебин берсе деген өтүнүчтөрү бар.
Экинчиден, алардын мектепти бүткөн балдары жогорку окуу жайларга окусак деп турушат. Ошол жаштарды мамлекеттин жардамы менен өлкөдөгү университеттерге бюджеттик негизде кабыл алышса деген суранычтары бар. Себеби контракт төлөп окутканга дээрлик баарынын эле шарты жок. Көпчүлүгү жаңы келди, жумушу жок. Жумуш табылса деле чамалары чарк келбейт.
Үчүнчүдөн, малдарына жайыт, тиричилигине айдоо жерлери берилсе деген суранычтары бар. Анан памирлик кыргыздардын дагы бир орчундуу көйгөйү – бул жарандык маселеси. Мына Кыргызстанга алгач көчүп келгендерге 7 жыл болсо, соңку этап менен келгендерине да 5, 3 жыл болуп калды. Кийинки келгендеринин бир канчасынын паспорту жок - туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок деп паспорт берилбейт. Булардын балдары тоолуу Памирде туулса, кайдагы метрика? Ошондуктан балдарына көбү паспорт ала албай жүрүшөт. Ушул жагынан да мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлсө жакшы болот эле.
- Сиз президент Садыр Жапаров менен жолугууну көздөп жаткан экенсиз. Өлкө башчы менен сүйлөшө турган башка да маселелер барбы?
- Мен сиздер аркылуу президент Садыр Жапаровго бир нече сунуш менен кайрылгым келди. Эң алгач эле өлкө башчысынын жеке кабыл алуусун өтүнүп кетет элем. Себеби буга чейин дагы бир нече жолу тиешелүү министрликтерге кайрылып, алардан канааттандырарлык жооп ала албадым.
Ал тургай Садыр Жапаровдун өзүнө дагы кат жолдогонбуз. Ал каттар ажобузга жеткенинде күмөнүм бар. Андыктан сиздер аркылуу үнүмдү жеткирүүнү туура көрдүм. Мен көтөрө турган маселе жана сунуштар жогоруда кеп кылган Памир кыргыздарына тиешелүү. Ошондой эле Кыргызстан менен Ооганстандын ортосундагы дипломатиялык байланыштар боюнча жеке өзүмдүн идея, долбоорлорум бар.
- Ошол орчундуу делген идея же пландарыңыздан айтып берсеңиз?
- Памир кыргыздарына реалдуу жумуш, реалдуу жардам боло турган долбоорлор бар. Анын айрымдарын үстүртөн айта кетейин. (Баарын бул жактан айтып берүү туура эмес деп ойлойм.)
Биринчи идеям - бул Ооганстандын Тоолуу Бадахшан аймагында жашап жаткан кыргыздарга кыргыз өкмөтү мектеп куруп берсе деген тилек бар. Ал мектеп аркылуу биз көп иштерди жасасак болот экен. Мисалы, Тоолуу Бадахшанга мектеп курулса, биринчиден, кыргыз мамлекетинин кадыры артат. Экинчиден, бул Ооганстан менен Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык байланышты, достук мамилелерди чыңдайт эле. Бул мектеп мамлекет тарабынан курулса же жеке демөөрчүлөр тарабынан курулса деле инвестиция тартуучу булак да болмок. Мисалы, бүгүнкү күндө Кыргызстанда Түркиянын мектеп, окуу жайлары бар. Ушул сыяктуу эле Кыргызстан деле неге башка өлкөгө мектеп курса болбосун? Маселен, Ооганстанда кыргыз мектеби ачылса, ал жактагы Памир кыргыздарын бюжеттик негизде окутсак, аларга жакшы жардам болмок. Ал эми ошол эле мектепте оогандык окуучуларды контрактык негизде кабыл алсак болот. Бирок бул долбоорду ишке ашырууга сөзсүз кыргыз өкмөтүнүн, президенттин жардамы керек. Ушул долбоорду ишке ашырууну мен өзүм көзөмөлдөөгө, аягына чейин чыгарууга эрким да, билимим да жетет. Болгону президент Садыр Жапаровдон, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевден каржы маселесин чечип берүүнү суранат элем.
Үчүнчүдөн, жыл сайын Памир кыргыздарына атайын программалардын негизинде жардам барып жатат. Мисалы, тамак-аш, кийими кечелер жеткирилет. Албетте, бул деле жардам. Бирок, менимче, аларга балык эле бере бербей, кайырмак берип, балык кармаганды үйрөтүшүбүз керек. Башкача айтканда туура багыт, туура жол көрсөтүп, илим-билим менен алек болушубуз керек. Айтайын дегеним, тамак-аш, кийим-кечеге кетип жаткан каражаттарды “Памир кыргыздары” коомдук фондуна салсак же мектеп ачуу өңдүү нерселерге жумшасак, мамлекеттин акчасы да бекер кетпей, инвестиция да болуп бермек. Башта айткандай, мектеп ачсак, контрагы аркылуу бюджетке акча түшмөк, анан кыргыз мамлекети “мектеп курду” деген атка конмок. Ал жерде кыргыз желеги желбиреп турса кандай сонун болмок. Ошол жерде памирлик кыргыздар менен кошо башка улут өкүлдөрүн да окутуп, кыргыз тилин өнүктүрсөк да канча пайда болмок. Ошондуктан бул долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мен кыргыз бийлигинен колдоо күтөм. Мындан башка да айта турган кептер бар, анын баарын бул жерден айтканым туура болбой калат.
- Маегиңизге ыраазычылык билдиребиз!