Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:15

Түркияда Рахманкул хандын 110 жылдыгы белгиленүүдө


Рахманкул хан азыр Тажикстанга караган Сары-Кол (Мургаб району) өрөөнүндө туулган деп саналат.
Рахманкул хан азыр Тажикстанга караган Сары-Кол (Мургаб району) өрөөнүндө туулган деп саналат.

Түркиянын Ван провинциясында Түркияга оогон кыргыздардын жол башчысы Рахманкул хандын 110 жылдыгы белгиленүүдө.

27-июлда Улуу Памир айылына Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев жана президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов барды.

Мааракенин башталышында Рахманкул хандын күмбөзүндө куран окутулуп, Улуу Памир айылында салтанаттуу аземде анын кыргыз тарыхында орду айтылды.

Айыл жаштарынан куралган көкбөрү тобу конокторго улуттук ат оюндарын көрсөтүштү жана концерттик программа уюштурулду.

1916-жылы Орус падышачылыгына каршы Борбор Азиядагы көтөрүлүш маалында да Памирге жер которгон кыргыздар болгону кабарланып келет.

1978-жылы Ооганстандын президенти Мухаммед Дауд ханга каршы Советтер Союзу колдогон төңкөрүштөн кийин оогандык кыргыздардын турмуш-тиричилиги дагы бир чоң өзгөрүүгө дуушар болгон. Советтер Союзу Ооганстанга кирер алдында памирлик кыргыздардын ханы Рахманкул 1,5 миңдей кыргыз менен кошо Пакистанга жер которгон. Бирок айрым кыргыз үй-бүлөлөрү Памирде кала берген.

1982-жылы Түркия Рахманкул хан жетектеген 1,2 миңдей памирлик кыргыз качкындарына баш калка берүүгө макул болуп, Түркиянын түштүк-чыгышындагы Ван көлүнүн жанына отурукташкан. Элүүдөй үй-бүлө Рахманкул хан менен Түркияга кетүүгө көнбөй, орто жолдон Ооганстанга кайткан.

Учурда Улуу Памир айылында 2500ге жакын кыргыз жашайт. Алардын 350гө жакыны мектеп окуучулары. Ал эми Стамбул, Анкара, Малатия жана Йозгат аймактарында 5 миңден ашуун вандык кыргыз бар.

Айыл Түркиянын чыгышында Иран менен чектеш Ван дубанында жайгашкан. Жергиликтүү калк негизинен айыл чарбасы менен жан багат. (ElB)

XS
SM
MD
LG