Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

Чоң-Алайда памирлик кыргыздарга 10 үй курулду


Памирлик кыргыздарга курулган үйлөр. Ош облусу, Чоң-Алай, Бурган-Суу айылы. 2024, август
Памирлик кыргыздарга курулган үйлөр. Ош облусу, Чоң-Алай, Бурган-Суу айылы. 2024, август

Ош облусунун Чоң-Алай районунун Бурган-Суу айылына көчүп келген памирлик кыргыздарга 10 үй курулду. Мамлекеттик курулуш агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, турак үйдүн ачкычын Кыргызстандын эгемендик майрамына карата тапшыруу пландалууда.

Маалыматка караганда, үйлөрдүн курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, долбоордун тендердик баасы 82,9 млн сомду түзгөн.

Долбоор боюнча үйлөр эки үй-бүлөгө ылайыкталган, жалпысынан 10 турак үй курулат. Үйдүн аянты 180 чарчы метрди түзүп, алты бөлмөдөн турат.

"Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 95% бүткөрүлүп, учурда сырткы ажатканалардын курулушу уланууда", - деп белгиленген маалыматта.

Буга чейин кыргыз өкмөтү 2022-2024-жылдар аралыгында бюджеттен каралган 244,5 миллион сомго Ооганстандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган 1,5 миңдей этностук кыргыз (400 үй-бүлө) көчүрүлүп келерин билдирген.

2019-жылы Алай районунун Талды-Суу айылына этностук кыргыздар көчүрүлүп келген. 2017-жылы Нарынга жайгаштырылган 50дөй памирлик кыргыздардын бир тобу Ооганстанга кайра кайткан.

Чоң жана Кичи Памирдеги ооган кыргыздарынын жалпы саны 2 миңге чамалуу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG