Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:45

Алайга көчүп келген памирлик кыргыздар кесиптик билим алышты


Памирлик кыргыздар окуу учурунда. Министрлик тараткан сүрөт.
Памирлик кыргыздар окуу учурунда. Министрлик тараткан сүрөт.

Ош облусунун Алай районунун Талды-Суу айылына көчүп келген 30 памирлик кыргыз кесиптик билим алды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында, 15 аял тигүүчүлүктү, 15 эркек айдоочулук кесипти окушту. Эмгек министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу Ооганстандын Памир аймагынан көчүп келген этникалык кыргыздардан кабар алды. Маалыматка караганда, Талды-Сууда 17 үй-бүлө жашайт. Ар бир үй-бүлөгө бирден саан уй, жылкы жана 10 баш кой берилди.

Райондук социалдык камсыздоо бөлүмүнүн маалыматында 16 жашка чейинки 36 бала “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алат.

Буга чейин Акыйкатчы институту мамлекеттик органдарды Ооганстандын Памир аймагынан Кыргызстанга көчүп келген этникалык кыргыздардын көйгөйлөрүнө көңүл бурууга чакырган. Аталган институттун өкүлдөрү памирлик кыргыздар жумушка орношо албай жатканын белгилеген.

Талды-Суу айылына этникалык кыргыздар 2019-жылы көчүрүлүп келген. 2017-жылы Нарынга жайгаштырылган 50дөй памирлик кыргыздардын бир тобу Ооганстанга кайра кайткан.

2022-жылы июлда кыргыз өкмөтү 2022-2024-жылдар аралыгында бюджеттен каралган 244,5 миллион сомго Ооганстандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган 1,5 миңдей этникалык кыргыз (400 үй-бүлө) көчүрүлүп келерин билдирген.

Чоң жана Кичи Памирдеги ооган кыргыздарынын жалпы саны 2 миңге чамалуу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG