Кыргызстан мамлекеттик тил күнүн расмий белгилеп жатат. Дал ушул майрам күнү биз КЭРдеги кыргыздар эне тилин кандайча сактап жана өнүктүрүп жаткандыгы жөнүндөгү блогду сунуштамакчыбыз.
Эгемен Кыргыз Республикасында 23-сентябрь күнү - олуттуу майрам. Тээ 1989-жылы дал ушул күнү Кыргызстандын советтик доордогу Жогорку Кеңеши мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алып, кыргыз тилин жалгыз мамлекеттик тил катары жарыялаган. Ал кезде Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Президиумунун төрагасы Таштанбек Акматов агай болгондугун да эстен чыгара албайбыз.
Бул мамлекеттик тил макамы кыргыз тилинин сакталышына жана өнүгүшүнө олуттуу шарт түзүп жаткандыгы жамы журтка белгилүү.
Ал эми бүгүнкү чакан блогубузда эне тилин бапестеп сактап келе жаткан кытайлык кыргыздар тууралуу азыноолак сөз кылмакчыбыз.
Кытайдагы кыргыздар өз ата журтун көөнө кездерден байырлашат
Айрым тарыхты чала-чарпыт билген замандаштарыбыз “Кытайга кыргыздар 1916-жылдагы Орусиянын падышалыгына каршы улуттук боштондук көтөрүлүштөн соң барып калышканбы?” деп суроо салган же өз оюн айткан учурлар кездешет.
Чыгыш Теңир-Тоодогу жана Ак-Тоодогу (Чыгыш Памирдеги) кыргыздар өз ата журтунда байырлап келишет. Ал эми 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш кандуу басылып, Улуу Үркүн башталганда, Какшаалга, Текеске, Үч-Турпанга жана башка аймактарга качып барган чүйлүк, көлдүк жана нарындык кыргыздардын көпчүлүк бөлүгү 1918–1963-жылдардын аралыгында кайра Кыргызстанга бир нече толкун болуп келишкен.
Тарыхка тереңдеп кылчайсак, хун доорунда кыргыздардын байыркы ата журтунун бири катары Чыгыш Теңир-Тоодогу Манас дарыясы жана Манас көлү да камтылган тоолуу аймактар болгон.
Ал эми б.з. X кылымдын алгачкы чейрегинин соңунда (б.а. мындан он бир кылым мурда), Энесай менен Ички Азиядагы Улуу Кыргыз каганаты саясий бытырандылыкка учураган кезде, теңир-тоолук кыргыздардын Энесайдан IX кылымдын ортосунда кайтып келген бөлүктөрү дал ушул Чыгыш Теңир-Тоодо байырлоосун уланта беришкен.
Балким, Энесай Кыргыз каганатынын жана андан кийинки чакан кыргыз өлкөлөрүнүн (VI к. ортосу – XIII к. башы) тушунда деле айрым кыргыз топтору Чыгыш Теңир-Тоодо, Тарбагатайда жана Кытай Алтайында кала берген болушу ыктымал.
Демек, Чыгыш Теңир-Тоо аймагы илгертеден эле кыргыздын өз жергеси болгон.
XIX кылымдын акыркы үчилтигинде кыргыздардын тарыхый жерлери коңшулаш үч башка мамлекетке (падышалык Орусия, цин-манжурдук Кытай жана өз эгемендигин сактап калуу үчүн Улуу Британияга каршы такаат кылып турган Ооганстанга) жиктелип калган кезде эч бир ири мамлекет кыргыздардын оюн сурап койгон эмес.
Кытайдагы кыргыздар дагы өз ата журтунда байырлашат, Ала-Тоо, Каратегин, Памир кыргыздары (анын ичинен ооган Памириндеги кыргыздар) дагы өз ата журтунда байырлашат. Ар кимиси өз тарыхый мекенинде жашап келет.
Булардын ичинен мурдагы советтик Кыргызстан 1991-жылы мамлекеттик көз каранды эместигине жетишти.
Ал эми коммунисттик Кытай Эл Республикасында 1954-жылы Шинжаң-Уйгур автоном районундагы (ШУАР) Артыш, Улуу-Чат, Ак-Чий, Ак-Тоонун айрым жерлери сыяктуу оодандарды жана кыштактарды баш коштуруу менен негизделген Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусу быйыл өзүнүн 70 жылдык мааракесин белгиледи.
Кытайлык кыргыздар бул автономиялык облустан башка да айрым аймактарда (Текес, Хотан, Каракорум тоолорунун койнундагы Шайдылда-Базар айылы ж.б.) автономиялык макамы бар айыл-кыштактарга ээ.
Тээ тарыхый Манжуриядагы (азыркы Хэйлуңжаң вилайетиндеги) Фу-Йү үйөзүндө байырлаган кыргыздар да өз тилин жана маданиятын сактоо үчүн маданий укуктарды колдонуп келишет.
КЭРдеги кыргыз топтору жөнүндө Мухаммед Ху Чжэнхуа, Анвар Байтур, Эдгам Тенишев, Азиза Турдуева, Абылабек Асанканов, Мамбеттурду Мамбетакун, Гундула Салк, Чолпон Субакожоева, Гүлзада Абдалиева ж.б. илимпоздор ар кыл эмгектер жазышкан.
Тасма. Тибеттен түндүк-батыштагы Шайдылда Базар кыштагында туулуп-өскөн, учурда Кең-Кыя (уйгурча: Кең-Кыр) айылында жашап жаткан Абдысамат Нуракун уулу менен маек. Хотан аймагы, КЭР. Т.Чоротегин. 27.7.2015.
Кытайдын ШУАРында кыргыздар азыр деле арап жазмасын колдонушат
Кытайдын ШУАРындагы кыргыздардын басымдуу көпчүлүгү (тарбагатайлык бутпарас кыргыздарды эске албаганда) исламдын суннийлик бөлүгүн туткан жана ханафийлик мазхапты жолдогон мусулмандар болуп саналышгат.
Алар азыркы тапта дагы кыргыз тилине өзгөчө ылайыкташкан арап алфавитин колдонуп келишет.
Бул кытайлык кыргыз жазмасы эне тилибиздеги бардык тыбыштарды таасын чагылдырат.
Өзгөчө белгилесек, арап кыргыз жазмасында каткалаң ق (қаф) тамгасы аркылуу каткалаң q (қ) тыбышын, ал эми каткалаң غ (ғайн, кээде үстүндө чекити жок ‘айн) тамгасы аркылуу каткалаң ğ (ғ) тыбышын чагылдырышып, кытайлык кыргыздар азыркы кыргыз тилинин тыбыштарын Ала-Тоодогу кирил кыргыз жазмасына салыштырганда алда канча мыкты белгилөөгө жетишкен.
Ошон үчүн кытайлык кыргыздар сүйлөгөндө каткалаң жана жумшак үнсүздөр өз ара айырмалуу, даана айтылат (аларды жазуу маалында да чаташуу болбойт).
Тасма. Кытайдагы Хотан дубанынын Пишан (Гума) ооданына караштуу Кең-Кыя Кыргыз автоном кыштагындагы орто мектепте тарых мугалими болуп иштеген Турсунай Нааман айым менен профессорлор Аалыбек Акунов жана Тынчтык Чоротегин уюштурган “ат жалындагы” маек. Кең-Кыя (Кең-Кыр), ШУАР. КЭР. 26.7.2015. (Видео тасма маек түп нускада берилди).
Кытайлык кыргыздар жана фолклордук мурас
XXI кылымдын башында КЭРдин бийликтери кытайлык кыргыздардын фолклордук мурасын сактоо жаатында кызыктуу мүмкүнчүлүктөрдү жаратышты. Маселен, “Манас” эпосунун айрым варианттарын же үзүндүлөрүн айта алган элеттик карапайым кыргыздарга ай сайын атайын стипендия берилет экен.
Бул тууралуу 2014–2015-жылдардагы этнографиялык сапарыбыз маалында өзүбүз да күбө болдук.
Стипендия албаса да, өз айылдаштарына “Манастан” үзүндү айткан же анын айрым эпизоддорун талдап түшүндүргөн жергиликтүү манасчылардын бирин Хотандын тоо тарабындагы Кең-Кыя (уйгурча Кең-Кыр) кыштагынан да учураттык.
Тасма. Кытайдагы Хотан дубанынын Пишан (Гума) ооданына караштуу Кең-Кыя Кыргыз автоном кыштагында байырлаган Турсун Ыбырайым аксакал рухий очоктун отун өчүрбөй, кээде өз айылдаштарына “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү айтып берип турат. Турсун Ыбырайымдын айткандарын тасмага жаздырган Т.Чоротегин. Кең-Кыя (Кең-Кыр), ШУАР. КЭР. 26.7.2015. (Караңгы шартта тартылган видео тасма кесилбестен, түп нускада берилди).
1916-жылдагы көтөрүлүш жеңилгенден кийин Кытайга качкан кыргыздардын арасында айтылуу манасчы Сагынбай Орозбак уулу да болгон. Аны менен Балбай Мамай уулу далай кезигип, турмуштук сабагын алган. Ал эми Балбайдын иниси Жусуп Мамай (1918–2014) көөнөргүс эпостук мурасты андан ары сактоого зор салым кошкон кытайлык залкар манасчы болуп калды.
Жусуп Мамай КЭРдеги “Тоо гүлү” сыйлыгына эки ирет татыган чыгаан кыргыз манасчысы болду. Ал дүйнөдөн кайтарында Кыргыз Республикасынын Баатыры наамына да татыган (бул эң жогорку наамды ал чет мамлекеттердеги кыргыздардын ичинен биринчи жолу жана азырынча жалгыз өзү алган).
“Манас” эпосунун Жусуп Мамайга таандык варианты КЭРде ханзу (кытай) тилине, бир катар үзүндүлөрү уйгур, казак сыяктуу тилдерге которулган. Профессорлор Лаң Йиң айым, Мухаммед Ху Чжэнхуа, Адыл Жуматурду жана башкалар Жусуп Мамайдын манасчылык өнөрүн терең иликтеп келишет.
Ал эми Ак-Тоо (Кытайлык Памир) аймагындагы ичкилик кыргыздарда өлөң айтуу өнөрү азыркы тапта да мыкты сакталган экен.
Негедир ат-башылык айтылуу Казыбек казалчы Мамбетимин уулунун (1901–1936) ыр саптарынан да кытайлык кыргыздардын өлөң салтынын изин тапкандай сезген элем. Ал өзү 1929–31-жылдары Оренбургда сүргүндө болгон, андан соң 1934-жылы кайра кармалып, сталиндик абактан мерт тапканга чейин үч жылдай кытайлык кыргыздардын арасында да жашаган.
Балким, алатоолук кыргыздар деле өлөң айтуу салтын кийинчерээк арткы планга жылдырып салышкандыр?
Айтор, кытайлык жана оогандык кыргыз фолклорун терең иликтөө аркылуу гана жалпы кыргыз маданияты жөнүндө түшүнүк ала алабыз.
Кытайлык кыргыздардын диалектилик өзгөчөлүктөрү
Кытайдагы кыргыздардын ичинен Текес, Улуу-Чат, Ак-Чий аймактарында жашаган кыргыздарда Кыргызстандын аймагындагы адабий тилге жакыныраак диалектилик өзгөчөлүктөр бар. Ал эми Ак-Тоо жана Хотан аймактарындагы кыргыздар көбүнесе ичкилик кыргыз урууларынан куралгандыктан, алардагы диалектилик өзгөчөлүк азыркы лейлектик, баткендик, мургаптык жана жерге-талдык кыргыздардын диалектилик өзгөчөлүктөрүнө жакын келет.
Андан тышкары КЭРдин Кызыл-Суу Кыргыз автоном районунан кыйла алыс жайгашкан тигил же бул элеттик кыргыз айылы өз коңшуларынын (уйгур же казак элинин) маданий таасири астында болгондугу дагы көңүлдө тутулушу керек.
Маселен, Хотандын көп этностуу бир кыштагында же шаарында он миң түтүн уйгурдун жана ханзунун арасында он чакты түтүн кыргыз гана бар болсо, анда, албетте, он чакты түтүн кыргыз үчүн өзүнчө мектеп ачылбайт. Алар уйгур мектебине же кытай мектебине барышат.
Бул жагдайда кыргыздар үй-бүлө чегинде жана алыскы тууган-туушкандарына каттаганда гана кыргызча сүйлөшү керек болот. Ошондуктан өзүн “кыргызмын” деп санаган жана тили бир аз уйгурча бурулуп калган кыргыздарды деле учураттык. Ферганадагы айрым өзбекстандык кыштактардагы кыргыздарда дагы акыбал ушундай эле.
Демек, аларга сабырдуу мамиле кылып, “адабий тилде сүйлөй алышпайт экен” деп жерибөө керек.
Бир ирет Кыргызстандын ЖОЖдорунун биринде кытайлык жаш кыргыз илимпозунун эмгегинин талкуусуна катышып калдым. Айрым тилчилер анын эмгегин толугу менен ала-тоолук кыргыздардын тилине оодарып чыгыш керек деген сын пикирин айтты. Менимче, кытайлык кыргыздардын тилдик өзгөчөлүктөрү дагы өзүнчө этнографиялык баалуулукка жатат, ошондуктан "алардын текстинде илимий табылга барбы же жокпу?" деген суроого назар буруп, алардын диалектилик өзгөчөлүктөрүнө кине коюунун кажети жок.
Анткени алар Кыргызстанда илимий даража алган соң, кайрадан өз эл-жерине барышат да, өз диалектинин стихиясы менен жашай беришет.
Кытайда миллиарддан ашкан ханзулар ички диалектилерине сабырдуу мамиле жасашкандыгы үчүн бирдиктүү улут болуп жашашат эмеспи.
Орустар дагы өздөрүнө жуурулушкан далай мурдагы кыпчактардын, беларустардын, украиндердин, казак орустардын, фин-угор элдеринин ж.б. терминдерин өздөштүрүп алышкан. Аларда О тыбышына басым кылган бүтүндөй бир чөлкөмдөр бар.
Анан бир нече миллион сандагы кыргыздар деле дилаект жаатында бири-бирибизге сабырдуу болушубуз ылаазым.
Кытайлык кыргыздардын эне тилди барктоодогу өрнөгү
КЭРдеги кыргыздардын өкүлдөрүн ШУАРда гана эмес, алыскы Бээжинде да учураттым.
Алардын эң башкы жетишкендиги – ата-энелер өз эне тилин үй-бүлөлүк деңгээлде кастарлап, балдарына талбастан үйрөткөндүгү экен.
Албетте, өзү кыргызча сүйлө, тили буудай кууруса да, бирок баласы ханзуча гана сүйлөгөн бир үй-бүлөнүн өкүлүн деле учураттым.
Бирок калган кезиккен кыргыздар өз эне тилин өзгөчө баркташат экен.
Алар азыркы тапта мурдагыдай кыргызча китеп жана журналдарга гана таянбастан, интернет жайытында дагы кыргыздын арап алфавитинде жандуу баарлашып келишет.
Тээ 1980-жылы залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов менен бир окуя болгон. Ал арап тамгасындагы кыргыз жазуусун дагы, латын арибиндеги кыргыз жазуусун да окуй алган эмес, жалаң гана кыргыздын кирил жазмасын окуй алган. Ошондо кыргыз улуту үч башка жазманын торунда калгандай сезим жаралган.
Айтмакчы, кимдир-бирөө азыр деле суроо салышы мүмкүн: бир кыргыз алфавитиндеги мурас кыргыздын башка алфавитине көчүрүлө албаса, анда көп кылымдык же көптөгөн ондогон жылдык мурас бара-бара жоголуп кетеби?
Сакталып жеткен текст азыркы тапта эч кандай жоголбойт.
Буга өрнөк: кыргыздын атуулу Бахтияр Шаршеев азыркы тапта кызыктуу интернет барагын өнүктүрүп келет. Ал барактагы программа кыргыздын арап, латын, кирил жана битик жазмаларындагы тексттерин көз ачып-жумгуча бул алфавиттердин биринен бирине которуп бере алат. Караңыз: https://www.qyrgyz.com/
XXI кылымдын башында кытайлык кыргыз улан-кыздары ушул сыяктуу эле ар кыл алфавиттерден кыргыз тексттерин башка алфавитке оодара турган компүтердик жана интернеттик программаларды иштеп чыгышкан (анын бир өрнөгүн manas.cc барагынан тапкан элем, бирок бул барак азыр жабылып калыптыр).
Демек, маселе – эне тилге астейдил мамиледе гана. Анын тексттери кайсы алфавитте жазылгандыгы – техникалык көйгөйгө жатат. Ошого карабастан, албетте, дүйнөдөгү бардык кыргыздар бара-бара латын алфавитине өтүшсө алгылыктуу болмок деген жеке пикиримди кыстара кетейин.
Бүгүнкү эне тилибиздин майрам күнүндө Кыргызстандагы кыргыздар башка мамлекеттердеги кыргыздарга алар кайсы алфавитти колдонгонуна карабастан, ырааттуу көмөк көрсөтүү жаатын унутпаса экен деген тилегимди да айта кетким келет.
Ал эми кытайлык кыргыздардын арап арибиндеги жазма маданиятынын өрнөктөрүн Кыргызстандагы калайыкка кирил жазмасында (болочокто латын жазмасында) ырааттуу тааныштыруу ишине мамлекеттик камкордук жана жарандык демилгелер зарыл деп санайбыз.
Өз эне тилин барктап сактаган кытайлык бир туугандарыбызга эсенчилик жана бакыбаттык, ал эми коңшу КЭРге өнүгүү каалайбыз. Аны менен жаркын коңшулук мамилелерди чыңдоо аркылуу кытайлык кыргыздардын ийгиликтерине да огожо болушубуз абзел.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.