Президент Садыр Жапаров Италия жана Ватиканга сапар менен барат

Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2-4-октябрь күндөрү Италияга жана Ватиканга расмий сапар менен барат.

Бул тууралуу президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров сапар учурунда Италиянын президенти Сержо Маттарелла, Министрлер кеңешинин төрагасы Жоржей Мелони, Депутаттар палатасынын төрагасы Лоренцо Фонтана жана Сенаттын төрагасы Иньяцио Ла Русса менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

Италияга сапар алкагында тараптар кыргыз-италия мамилелеринин бүтүндөй комплексин жана алардын өнүгүү келечегин талкуулашат, эл аралык күн тартиби боюнча пикир алмашат.

4-октябрь күнү мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Рим Папасы Франциск менен жолугушуусу болот.(ZKo)

Дагы караңыз

Майыптыгы барларга акысыз өнөр үйрөткөн Базарбү апа Ошто судья өмүрүнө кол салганы кабарланды. Соттор кеңеши териштирүү башталганын билдирди Жапонияда Фумио Кисиданын өкмөтү толук курамы менен кызматтан кеттиПрезидент Жапаров кыргызстандыктарды улуу муундарга кам көрүүгө чакырдыТеррордук топко кошулган тажик жарандарынын 85% Орусиядагы эмгек мигранттары болгон