Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Жапонияда Фумио Кисиданын өкмөтү толук курамы менен кызматтан кетти


Фумио Кисида.
Фумио Кисида.

Шейшембиде эртең менен, жаңы премьер-министрди шайлоо алдында Жапониянын өкмөтү толук курамы менен кызматтан кетти. Бул тууралуу Киодо маалымат агенттиги жазды.

Шейшембиде парламентте башкаруучу партия - Либерал-демократиялык партиянын жаңы төрагасы Сигэру Исиба Жапониянын 102-өкмөт башчысы болуп шайланары күтүлүүдө. Шайлангандан кийин ал жаңы курамдагы өкмөттү жарыялайт.

Мурдагы коргоо министри Сигэру Исиба НАТОнун азиялык версиясын жана АКШ менен Жапониянын коопсуздугу боюнча жаңыланган альянс түзүүнү сунуштаган.

Жапониянын буга чейинки премьер-министри Фумио Кисида бийликтеги Либерал-демократиялык партиянын лидерин шайлоого катышкан эмес. Ал бул тууралуу август айында эле ачык жарыялаган.

Кисиданын рейтинги анын партиясы аралашкан коррупциялык чуудан кийин кескин төмөндөп кеткен.

Либерал-демократиялык партия Жапонияда 1955-жылдан бери дээрлик тынымсыз бийликти жетектеп келет.

XS
SM
MD
LG