Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Ошто судья өмүрүнө кол салганы кабарланды, Соттор кеңеши териштирүү башталганын билдирди

Жаңыланды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облустук сотунун судьясы Н. А. өз өмүрүнө кол салып ооруканага түшкөнү тууралуу маалыматты "Азаттыкка" Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын директору Атабек Жумалиев ырастады. Дарыгердин сөзүнө караганда, судья сол колунун күрөө тамырын кескен.

"Бүгүн эртең менен саат сегиз чамасында ооруканага сол колунун күрөө тамырын кесип алган жаран келип түштү. Ага ошол учурда операция жасалып, учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал шок абалда тамырын кескен. Биз укук коргоо кызматкерлерине кабар бергенбиз", - деди дарыгер.

Дарыгер Жумалиевдин сөзүнө караганда, учурда бейтаптын абалы орточо оор деп бааланууда.

Бул маалыматты Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады. Ооруканадан кабар келип түшөр замат тергөө тобу ооруканага барып, окуя боюнча териштирүү, тактоо иштерин жүргүзгөн. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Судьялар кеңеши ЖМКларга туура эмес маалыматты таратуудан алыс болууну эскертип, бул факт боюнча кызматтык териштирүү башталганын билдирет.

Ош облустук сотунун маалымат катчысы менен "Азаттык" байланышканда Н.А деген судья иштерин, ал ооруканада экенин ырастап, бирок кандай себеп менен жатканын ачыктаган жок. Учурда судья ден соолугуна байланыштуу өргүүдө экенин айтып, башка маалымат бербеди.

Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымат иликтенип жатканын "Азаттыкка" билдирди.

Судьянын аялы менен "Азаттык" байланышканда акыркы учурда күйөөсүнүн маанайы жок жүргөнүн айтты.

"Биз дагы башында жок жерден мындай болбосо керек деп ойлоп жатканбыз. Анда ал өзүнө келе элек болчу. Карасак ваннадан тайып жыгылып, колу кесилип кетиптир. Биздин оюбуз да башка жакка кеткен. Азыр жакшы баары. Негизи маанайы жок жүргөнү жумушка байланыштуу болсо керек, чарчайт да. Бирок жумушу тууралуу эч кандай ачылып сүйлөшчү эмес. Биз Бишкекте турабыз да", - деди судьянын жубайы. (DSh/ZKo)

XS
SM
MD
LG