Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Президент Жапаров кыргызстандыктарды улуу муундарга кам көрүүгө чакырды


Карыялар. Чоң-Алай району. Иллюстрациялык сүрөт.
Карыялар. Чоң-Алай району. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-октябрь – Карылардын эл аралык күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады.

Мамлекет башчы куттуктоосунда кыргызда эзелтен карыяларга аяр мамиле жасалып, улууларды урматтап, сыйлоо улуттук нарк болуп келгенин белгиледи.

Улуу муундагы адамдарды сыйлап, аларга кам көрүү ар бир жарандын абийириндеги милдет жана ар-намыс экенин белгилеп, ата-бабалардан келе жаткан нарк-насилди сактоого үндөдү.

Президент карыяларды урматтап, аларга кам көрүү мамлекеттик саясаттын негизги милдети экенин белгилеп, карыяларды татыктуу пенсия менен камсыз кылуу аракети көрүлүп жатканын билдирди.

"Ата-апаларыбызды татыктуу пенсия менен камсыздоо аракеттери акыркы үч жылда чоң көрсөткүчкө жогорулады. Алсак, 2022-жылы пенсиялар орточо 33% көбөйсө, 2023-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 30 миң сомго чейин, ал эми пенсиялар 38% жогорулады. 2024-жылы пенсияларды эки этап менен жогорулатып, октябрь айынан тарта өлкөдөгү эң аз пенсияны 6900 сомго жеткирүү тапшырмасын койгом. Бул тапшырманын негизинде 1-июлдан тартып пенсиялар пенсиянын толук базалык бөлүгүнө чейин, тагыраагы 3170 сомго жеткирилген. 2024-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18% жогорулап, эң минималдуу дегенде 1000 сомдон кем эмес суммага көбөйүп, минималдуу пенсия 6900 сомду түзөт", - деп жазылган куттуктоодо.

Бүгүнкү улгайган муунга өлкөнүн өнүгүгү үчүн кошкон салымына ыраазычылык билдирген мамлекет башчы алардын акылы, кеп-кеңеши азыр да маанилүү экенин белгилеп, карыяларга чың ден соолук, узак өмүр, бакубат турмуш каалады.

Социалдык фонддун маалыматында, өлкөдө 785 миң пенсионер бар. Учурда Кыргызстанда пенсиянын орточо көлөмү 9300 сомду түзөт.

Быйылкы алты айда Кыргызстанда 38 774 адам пенсияга чыккан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG