Кыргызстанда тигүү цехтерин иштеткендер бычмачы табуу кыйын экенин айтып келишет. Мунун себебин кийимдин үлгүсүн иштеп чыгуу бир чети тубаса талантты, экинчи чети тынымсыз окууну жана талбаган эмгекти талап кылары менен түшүндүрүшөт.
Бишкектин тургуну 83 жаштагы Базарбү Садабаева мына ушундай өнөрдүн ээси. Ал күн бою жалгыз бой аялдарга, майыптыгы бар адамдарга бычмачылык, тикмечиликти үйрөтөт.
Убагында токуу фабрикасында (азыркы "Илбирс" - ред.) иштеген Базарбү апа акыркы 30 жылда 2 миңден ашык кишини окуткан экен. Жакында Бишкектин борборуна жакын, союз маалында курулган төрт кабаттуу үйдөн батир алып, окуу борборун ачкан.
Эки бөлмөлүү чакан батирде үч-төрт тигүү машинелер, үлгүлөрдү кагазга басып чыгарган жабдык, кийим быча турган үстөлдөр турат.
Биз барганда Базарбү апанын үйүндө шакирттери бар экен. Алардын айрымдары өз алдынча тигүү цехин ачса, айрымдары бул өнөрдү жаңы гана өздөштүрүп жатат. Байбиче камчынын сабындай кыска өмүрдө билгенин көбүрөөк адамга үйрөтсөм деп самайт.
Базарбү апанын атасы өз доорунун билимдүү адамы болуптур. Экинчи дүйнөлүк согушка катышып, бир буту менен колунан ажырап кайтып келген экен.
Байбиче өзү балдарын жалгыз, табият ыроологон өнөрдүн аркасы менен эрезеге жеткириптир. Ошол себептүү майыптыгы бар адамдарга жана жалгыз бой энелерге өзгөчө боор тартып, айрымдарына билгенин акысыз эле үйрөтөт.
Базарбү апанын бул өнөрдү аркалап калышына тагдыр себепчи болгон. Өткөн кылымдын 60-жылдары 23 жаштагы келин үй-бүлөдөгү ыйкы-тыйкыдан жадап, үч баласы менен өз алдынча кетүүнү чечкен экен.
“Күйөөм жесир аялдын баласы эле, менден улуу, чоң кызматта иштечү. Көп ичип, тынчтык берчү эмес. Атам согуштан 1945-жылы бир буту, бир колунан ажырап, майып болуп келген. Күйөөмдүн мага мамилесин көргөндөн кийин үч балам менен ажыраштырып алды. Үчүнчү балам эмчекте болчу. Ал бир аз торолгондон кийин Жалал-Абаддагы тикмечиликке, бычмачылыкка окуткан эженин үйүнө бардым. Күндүз кондуктор болуп иштеп, кечинде окудум. Окууну бүтүп келгенден кийин Токтогулда тикмечи болуп ишке орноштум. Малчылардын кийимин тигип жүрдүм. 1969-жылы жалпы союздук сынак болорун угуп калдым. Ага өзүмө бир плащ тигип, көйнөк, желетке менен юбка тигип, катыштым. Ошол сынакта экинчи орунду ээлептирмин. Сынакты уюштургандар "Латвияга окууга барасың" дешти. Борбордон Рая Лепихова биринчи орунду, Оштон мен экинчи орунду алыпмын. Чоң энеме айтсам, “балдарыңды өзүм багып берем, окуп ал” деп эки кичинекей баламды алып калды. Улуу кызымды чоң энесине таштадым. Өзүмдүн энемдин эмчектеги баласы бар эле. Атам да майып болгондуктан, апам менин балдарымды карай алмак эмес”, - деди Базарбү Садабаева.
Базарбү Садабаева айткан сынак 1971-жылы өткөн. Ошол сынактан жеңүүчү болгондон кийин Латвияда билимин улантып, кызыл диплом менен аяктаган.
“Ошондо өмүрүмдө биринчи жолу Токтогул - Талас, Талас - Фрунзе, Фрунзе - Москва каттамы менен учкам. Москвадан Ригага карай жол тарттык. Бир жыл ичинде кийимди дүйнөлүк cтандарттар менен бычып-тигүүнү окутушту.
Пахта талаасын аралап, бул өсүмдүктөн кантип жип ийрилип, кездеме кантип токуларына чейин көрсөтүштү.
Окууга СССРдин курамына кирген 15 республикадан эң мыкты тикмечилер тандалып алынган экен. Ошолор менен окуп, орус тилинен кыйналсам да, кызыл диплом менен бүттүм. Кыргызстанга келсем, Токтогулга ГЭС салына турган болуп, айыл көчүп жаткан экен. Балдарымды алып Бишкекке сапар тарттым. "Тюлпан" деген ательеге бычмачы болуп жумушка кирип, эки жылдай иштеп калдым. Андан кийин Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз драма театрында артисттер үчүн кийим тиккем. Таттыбүбү Турсунбаева мени менен курбалдаш болчу. Сабира Күмүшалиева жакшы эже эле", - дейт Базарбү апа.
Базарбү апа кийин дагы бир жолу турмушка чыгып, бир балалуу болгон. Бирок күчтүүлөр сыноону дайыма жалгыз көтөрөт дегендей, төрт баланы өзү жалгыз тарбиялап, өстүрүүгө туура келген. Учурда жети небереси, 18 чөбөрөсү, эки кыбырасы бар.
"Борбордогу трикотаж фабрикасында (азыркы "Илбирс") иштеп, ошол жерден пенсияга чыктым. Мен пенсияга 1992-жылы чыктым, көп өтпөй союз кыйрады. Ошол кезден бери кызыккандардын баарын бычмачылыкка, тикмечиликке, кийимдердин үлгүсүн жасаганга үйрөтүп келем. Акыркы 30 жылда Кыргызстанда тигүү тармагы өнүктү. Мурун бычмачы, конструктор, үтүкчү, тигүүчү, технолог - баары бир цехте иштесе, азыр алар өз-өзүнчө бөлүнүп чыкты. Бул чакан компанияларды, ишкерлерди пайда кылды. Менден бул өнөрдү үйрөнүп кеткендер өз алдынча курс ачып, алды 30 миңге өнөр үйрөтүп жатат. Мен болсо колунда барларды 9 миң сомго эле үйрөтөм. Колунда жокторду акысыз окутам”.
Базарбү Садабаеванын аты тигүүчүлөр арасында белгилүү. Ушул кезге чейин аны кесиптик окуу жайлар жумушка чакырып келишет.
“Университетте төрт-беш жыл окуй турган сабактарды бир же жарым жылда эле окутам. Биринчи күнү бычмачылык тууралуу сабак өтсөм, эртеси окуучум бир кийимдин үлгүсүн түзүп алып келиши керек. Шакирттериме талапты катуу коём. Анан чындап окуйм, үйрөнөм деген ниети барларды гана окутам”.
Базарбү Садабаева жакында эле тигүү тармагында иштегендер үчүн көрсөтмө китеп жазган. Китеп орус тилинде жазылганы менен, ага тикмечилер, бычмачылар үчүн кыргызча аталыштар киргизилген.
Апанын айтымында, китепте ар бир өлчөмдөгү кийимдин жакасы, жеңи, бели канча болушу керек дегендин баары кыргыз тилинде ийне-жибине чейин көрсөтүлгөн.
Базарбү апанын шакирттеринин бири Миргүл Болоталиева китеп орус тилин билбеген кыргыз жаштары үчүн өтө чоң табылга болгонун айтат:
"Китептин жазылышына мен да көмөктөшүп калдым. Кыргызча терминдерди киргизгенбиз. Бул орус тилин билбегендерге чоң жардам. Эң жеңилинен баштап, оор үлгүлөргө чейин жазылган. Апа көп жылдык тажрыйбасын колдонуп, тигүүчү, бычмачылар үчүн өтө ыңгайлуу китеп жазып койду".
Айтмакчы, Базарбү апанын шакирти Миргүл Болоталиева - Кыргызстандагы жалгыз парапауэрлифтингчи аял. Парижде өткөн Паралимпиада оюндарынын катышуучусу.
Ал бир кезде Базарбү апанын үйүндө жатып окуган, азыр чакан компания ачкан. Эми Орусияга бычмачылык багытта билимин жогорулатуу үчүн окууга кетип жатыптыр.
Апанын дагы бир шакирти Каныкей бүгүн биринчи жолу өзүнүн кийимин тигип келген экен.
“Каныкейдин окуганына аз эле убакыт болду. Бүгүн өзү ойлоп тапкан кош бойлуу аялдар үчүн кофта менен юбканын үлгүсүн түшүрүп, тигип келиптир. Жакшы деген баа койдум”, - деди Базарбү апа.
"Окуганыма бир ай болуп калды. Биринчи лекала жасап, бүгүн тигип келдим. Өз колум менен кийим тиккенге аябай кубанып жатам", - деди Каныкей.
“Менин окуучуларым ар кайсы куракта. Аял-эркек деп бөлбөйм. Окугандардын көпчүлүгү тигүү цехтердин ээлери же жаңы үйрөнчүктөр. Айрымдары жеке ателье ачып, жакшы кардарларды таап алышкан. Кудай мага ушундай талант берген экен, аны бөлүшпөй, үйрөтпөй кызганууга акым барбы?” - деди Базарбү Садабаева.
Базарбү Садабаева чакан батирде шакирттерине бычканды, тиккенди жана кийимдердин үлгүлөрүн компьютерден жасап, калыпка түшүргөндү үйрөтөт. Сабактары бүткөн учурда окуучулары менен чогуу-чаран чай ичет.
“Сексен үчкө чыксам деле кардарлардын арты үзүлбөйт. Мына кечээ эле Москвада жайгашкан тигүү компаниясына спорттук кийимдердин үлгүсүн жасап бердим. Анан окуучуларым келет. Эшикке чыгып сейилдегенге деле убакыт жок”, - деди ал.
Базарбү апа 72 жашында жоон ичегинин рак оорусуна чалдыгып, эки ирет операция болгон. Бирок оору аны мөгдөтүп, сүйүктүү ишинен четтете алган эмес.
“Догдурлар балдарыма "72 жаштагы кемпирди кескилетпей алып кеткиле" дешкен экен. Тааныш дарыгерге барып, "коркпой, кудай алдында милдетиңди аткарып, операция жаса. Кокус, оо дүйнө кетсем, доом жок" деп сурангам. Ичер суум түгөнбөптүр, операциядан аман чыктым. Андан бери 10 жыл өттү”.
Айтмакчы, Базарбү апа кээде борбордогу карылар үйүнө барып, колунан келишинче жардам берип турат.
"Мен кызыккандарды айына 100 долларга окутам. Андан түшкөн акчаны карылар үйүнө жардам катары берем. Бишкектеги жана Токмоктогу карылар үйүнө эмне керек болсо алып барам. Токмоктогу карылар үйүндө майыптыгы бар адамдар да жатат. Баарына колумдан келген жардамымды аябайм. Колунда жок же майыптыгы кыз-келиндерди шарты жок болсо үйүмө жаткырып да окутам. Мисалы, Миргүл ушул жерде жатып окуду. Азыр өз алында компания ачып, иштеп атат".
Өлкөдө пенсия курагынан кийин да иштеп, мамлекетке салык төккөн жарандар аз эмес. "Азаттык" бүгүн алардын биринин гана күнүмдүк турмушун баяндап берди.
Кыргызстанда жыл сайын 1-октябрда Карылар күнү белгиленет. Социалдык фонддун маалыматы боюнча, өлкөдө 700 миңден ашуун пенсионер бар. Пенсиянын орточо көлөмү 9300 сомду түзөт.