Улуттук статистика комитети Кыргызстанда 2023-жылы 13,8 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлгөнүн, бул 2022-жылга салыштырмалуу 0,3% аз экенин билдирди.
Былтыр электр жарыгынын 87% жакынын гидроэлектростанциялар өндүргөн.
Өлкөдө 2023-жылы калк 17 млрд 189 млн кВт/саат электр энергиясын керектеген. Кыргызстан өзү өндүргөн жарык муктаждыкты толук жаппайт. Ушундан улат чет жактан 3 млрд 488 млн кВт/саат электр жарыгын сатып алып, 138 кВт/саат чет өлкөгө экспорт кылган. Ошол эле учурда энергетика тармагындагы жалпы жоготуулар 2 млрд 538 млн кВт/саат электр энергиясын түздү.
Кыргызстанда жылына 14-15 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлөт. Бирок ал жалпы керектөөнү жаппайт. Ушундан улам өкмөт жыл сайын Казакстандан, Өзбекстандан жана Түркмөнстандан электр жарыгын сатып алат.
Өлкөдө жети ири гидроэлектр станциясы иштейт: Токтогул, Күрпсай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон, Камбар-Ата 2 жана Ат-Башы. Алар өлкөдөгү электр энергиясынын 87% жакынын өндүрөт. (BTo)
Дагы караңыз
Ошто судья өмүрүнө кол салганы кабарланды. Соттор кеңеши териштирүү башталганын билдирди Жапонияда Фумио Кисиданын өкмөтү толук курамы менен кызматтан кеттиТеррордук топко кошулган тажик жарандарынын 85% Орусиядагы эмгек мигранттары болгонПрезидент Жапаров кыргызстандыктарды улуу муундарга кам көрүүгө чакырдыИран Ливанга жана Газага аскер жөнөтпөй турганын билдирдиОрусия мыйзамсыз миграцияга каршы талаптарын күчөтүүдө