Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:32

Орусия мыйзамсыз миграцияга каршы талаптарын күчөтүүдө


Орусия. Эмгек мигранттары. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусия. Эмгек мигранттары. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда мыйзамсыз миграцияны ооздуктоого багытталган кезектеги мыйзам долбоорлору даярдалып жатканын бүгүн, 30-сентябрда "Свобода" радиосу жазды. Маалыматта айтылгандай, мыйзам чыгаруу ишмердиги менен алектенген өкмөттүк комиссия бул жааттагы мыйзамдарды катаалдата турган демилгелерди караштырып жатат, алардын негизги бөлүгү даярдалып бүтүп, колдоо табууда.

"Коммерсантъ" басылмасынын журналисттеринин колуна Орусиянын Административдик кодексине жана Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу үч долбоор тийген. Аларды "Единая Россиянын" депутаттары Ирина Яровая менен Олег Морозов иштеп чыгышкан.

Биринчисине ылайык, эгер документи туура эмес мигрант кылмыш кылып кармалса, анын мыйзамсыз жүргөндүгү жазасын оорлотуучу фактор катары каралат. Мыйзам долбоорунда жазылгандай, Орусияда азыркы тапта 630 миңден ашуун мыйзамсыз мигрант бар. 2024-жылы алардын арасынан кылмыш жасагандардын саны үч эсе көбөйгөн.

Экинчи мыйзам долбоору менен мыйзамсыз мигрантты жумушка алыш үчүн документ жасаткан мекеме-ишканаларды жазага тартуу каралууда. Азыркы тапта мындай мыйзам бузуунун жазасы 400 миң рублден 1 миллион рублге чейин жетет. Эгер депутаттар сунуш кылган жаңы демилге колдоо тапса, айыппул өлчөмү 5 миллиондон 10 миллион рублге чейин жогорулайт. Эгер кылмыш кайра кайталанса, 10-60 миллион рубль төлөш керек болот.

Ал эми үчүнчү мыйзам долбооруна ылайык, мыйзамсыз миграция уюштуруунун жазасы катуулайт. Азыркы мыйзамда эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу керек деп жазуу сунушталууда.

Быйыл жазында Москва аймагында "Крокус Сити Холлдо" кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталган. Жер-жерлерде ар кандай рейддер уюштурула баштаган. Быйыл жыл башынан бери орус полициясы өлкөдөн 65 миң чет элдикти чыгарып, 120 миң чет өлкөлүктүн кирүүсүнө тыюу салды. Орусияга мигранттар агымы соңку 10 жылда алгачкы жолу эң төмөнкү көрсөткүчкө түшүп, экономисттердин өлкөдө жумуш күчүнүн жетишсиздиги башталат жана тейлөө акысы кымбаттайт деген кооптонуусун жаратууда. (RK)

XS
SM
MD
LG