Кемпир-Абад иши боюнча сот отуруму 4-октябрга жылдырылды

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын бир бөлүгү жана алардын адвокаттары. Бишкек шаардык соту. 23-август, 2024-жыл.

27-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча сот дагы жылып кетти. Буга айыпталуучу Азимбек Бекназаров мамлекет берген адвокатты алмаштыруу боюнча сотко берген өтүнүчү негиз болду. Кийинки соттук жараян 4-октябрга дайындалганын “Азаттыкка” ушул эле иш боюнча айып тагылган оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.

Шаардык соттогу отурумдар 6-августта башталган. Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы апелляциялык арызды прокуратура 12-июлда өзгөртүүлөр менен жаңыдан сунуштаган.

Анда прокурорлор Медер Абдышев жана Замира Байбагышева айыпталуучуларга карата райондук соттун өкүмүн жокко чыгарып, аларды күнөөлүү деп таап, жаза берүүнү сураган. Мурунку апелляциялык арызда алар Биринчи май райондук сотуна кайрадан башка курамда кароого жиберүүнү өтүнүшкөн.

14-июнда Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчыны жана активистти актаган.

Акталган саясатчылар соттун актоо өкүмү алар үчүн күтүүсүз болгонун билдиришкен.

Президент Садыр Жапаров 15-июнда Кемпир-Абад иши боюнча соттун чечимине комментарий берип, “эгер мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация” деген.

Иш боюнча башта 27 кишиге айып тагылып кармалган. Алардын 22сине актоо өкүмү чыккан. Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши буга чейин эле өзүнчө өндүрүшкө алынган. Ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандыктан, саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Кадыровдун да иши өзүнчө бөлүнгөн.

Азимбек Бекназаров “2010-жылдын апрелиндеги окуяларда банк кутучаларынан жана өкмөт үйүнөн алынган акчаны уурдоо жана коротуу фактысына байланыштуу” деген негиз менен 12-сентябрда кайра кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагында жатат.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу 2022-жылы октябрда камалган.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. (BTo)

Дагы караңыз

Депутат Масалиев журналисттерге кысым күчөгөнүн айттыМинистрлик "Азаттыктын" таза суу тартыштыгы боюнча материалына жооп бердиУкраин портуна жасалган соккудан үч киши мерт болду“Легендарлуу парламенттин” депутаты, коомдук ишмер Бегиш Аматов дүйнө салды"Манас" аэропорту жаңы учактын билет бааcы кымбат болуп жатканына түшүндүрмө бердиАкыйкатчы интернеттеги жалган жалаа үчүн айып салган долбоорду артка кайтарууну сунуштадыКыргызстанда өлкө боюнча 5,5 миң дарыгер жетишпейтКамчыбек Ташиев Мелис Аспековдун абактан жазды делген катына байланыштуу комментарий берди