Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

"Манас" аэропорту жаңы учактын билет бааcы кымбат болуп жатканына түшүндүрмө берди


Кыргызстан сатып алган Dash 8 Q400 учагы.
Кыргызстан сатып алган Dash 8 Q400 учагы.

"Манас" эл аралык аэропорту “Асман аба жолдору” компаниясынын билет баасынын кымбат болуп жатышы боюнча түшүндүрмө берди. Ишкананын басма сөз кызматы билеттин наркы брондолгон орундарга, суроо-талапка карап өзгөрүп турарын билдирди.

“Маалыматка ылайык, 26-сентябрга карата ар бир каттамдагы акыркы беш орундун баасы төмөндөгүдөй: Супер эконом – 4000 сом, толук эконом – 4500 сом, флекс эконом – 5000 сом”, - деп жазылган билдирүүдө.

Мунун алдында социалдык тармактын айрым колдонуучулары жаңы ачылган “Асман аба жолдорунун” билет баасы кымбат болуп жатканын жазып чыгышкан.

“Асман аба жолдору” авиакомпаниясы - “Манас” аэропортунун алдында ачылган ишкана. Жаңы сатып алынып, 6-сентябрда Бишкеккке келген Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү учак ушул компанияга таандык.

Мамлекеттик авиакомпаниянын ачылышы менен ички аба каттамдардын билет баасы арзандап, Бишкектен Ошко, Раззаковго, Баткенге баа 3300 сом, ал эми Жалал-Абад, Казарман, Кербенге 3100, Таласка 2100 сомдон баштала турганы айтылган.

“Асман аба жолдору” мамлекеттик авиакомпаниясы 27-сентябрдан тартып өлкөнүн ичинде бардык багыттар боюнча ички каттамдарды аткара баштайт.

XS
SM
MD
LG