Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

“Легендарлуу парламенттин” депутаты, коомдук ишмер Бегиш Аматов дүйнө салды


Бегиш Аматов.
Бегиш Аматов.

“Легендарлуу парламенттин” депутаты, мамлекеттик жана коомдук ишмер Бегиш Аматов 26-сентябрда 75 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Бегиш Аматов 1949-жылы Ош облусунун Алай районуна караштуу Көңдүк айылында туулган. 1966-жылы зооветеринардык техникумду аяктап, андан соң 1971-жылы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн.

Эмгек жолун 1971-жылы Алай совхозунда зоотехник болуп иштөөдөн баштаган. 1974-1976-жылдары Ленин совхозунда башкы зоотехник, 1976-1981-жылдары Социализм совхозунун директору болуп эмгектенген. 1981-1983-жылдары Алматы шаарындагы жогорку партиялык мектептен билим алып, 1983-1990-жылдары Базар-Коргон районунун 2-секретары болуп кызмат кылган.

Бегиш Аматов коомдук-саясий иштерге жигердүү аралашып, 1990-1994-жылдары эл арасында “Легендарлуу парламент” деп аталган Кыргыз ССР Жогорку Советинин XII чакырылышынын депутаты болгон. 1991-жылдын 31-августунда алгачкылардан болуп, Кыргызстандын көз карандысыздыгы жөнүндө декларацияны кабыл алуу демилгесин көтөргөндөрдүн бири.

Кыргызстандагы 2005-2010-жылдардагы элдик талкундоолор жана андан кийинки Конституциялык реформалар тууралуу пикирин ачык билдирип келген. (BTo)

Бегиш Аматов: Кыргызстандын эгемендүүлүгүн жарыялагам
please wait

No media source currently available

0:00 0:44:03 0:00

XS
SM
MD
LG