Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:29

Акыйкатчы интернеттеги жалган жалаа үчүн айып салган долбоорду артка кайтарууну сунуштады


Жамиля Жаманбаева.
Жамиля Жаманбаева.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун артка кайтарууга чакырды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы 27-сентябрда билдирди.

Жаманбаева сөз эркиндигинин, адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы маанилүү экенин, ар-намысты, кадыр-баркты, ишкердик беделди сактоо үчүн сотко кайрылуу керектигин белгилеген.

Билдирүүдө мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн айып пулдун ченеми Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 31-беренесине ылайык, жеке жана юридикалык жактарга каралган чектен бир топ көп экени жазылган.

"1000 жана 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып пул жазасы – негизсиз жогору. Андан сырткары, мыйзам долбоорунда жоопко Маданият, маалымат жана туризм министрлиги эмес, сот тарабынан тартылышы керектиги эске алынышы шарт. Анын үстүнө укук бузууга белгиленген жаза кылмыштын жазасынан бир топко төмөн болушу керек. Ал эми жалаа жабуу жана мазактоо кылмыш эмес”, - деди Жаманбаева.

Акыйкатчы мыйзам долбоорунун демилгечилерин карама-каршылыктарды жоюуга жана жарандардын конституциялык укуктарын сактоону камсыз кылууга, эл аралык укуктук нормалардын сакталышына каршы келген жоболорду долбоордон алып салууга чакырды.

Мыйзам долбоорун Министрлер кабинети демилгелеп, 27-августта коомдук талкууга коюлган. 17-сентябрда долбоор Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында каралып, биринчи окуудан өттү. Жыйында айрым депутаттар коюлган айыптын көлөмүн азайтууну сунуштаган.

Долбоор кабыл алына турган болсо, жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта, сайттын баракчасында социалдык тармактарды колдонуу менен жалган маалыматтарды таратууга тыюу салынат. Жалган кабарларды же пост-комментарийлерди жазган колдонуучулар 100 миң сом, андай маалымат чыгарган медиалар 200 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилет.

Кыргызстанда 2021-жылы “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзам боюнча ЖМКга чыккан кайсы бир маалымат боюнча арыз түшсө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги соттун чечими жок эле ЖМКнын ишин эки айга токтотуп, сайтын бөгөттөп коё алат.

Кыргызстан Freedom House, Human Rights Watch (HRW) сыяктуу бир катар эл аралык уюмдардын акыркы баяндамасында төртүнчү жылы катары менен “эркин эмес” мамлекет деп аталды. Буга өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгону негиз кылынган.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет. (TAb)

XS
SM
MD
LG