Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:17

Министрлик "Азаттыктын" таза суу тартыштыгы боюнча материалына жооп берди


“Таза суудан өксүгөн айылдар” берүүсүндөгү кадр.
“Таза суудан өксүгөн айылдар” берүүсүндөгү кадр.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги “Азаттыктын” “Таза суудан өксүгөн айылдар” аталышындагы ичүүчү суунун тартыштыгы көтөрүлгөн берүүсүнө 27-сентябрда жооп берди.

Материалда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорундагы таза суу тартыш айылдардагы көйгөй чагылдырылган.

Министрлик тасмада баяндалган Ак-Суу районунун Акчек айыл аймагындагы Качыбек айылы быйыл "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу ичүүчү суу менен камсыздоо объекттеринин тизмесине киргизилгенин билдирди.

Учурда "Нур СЖБ" компаниясы тарабынан долбоорлоо-сметалык документтерди иштеп чыгуу иштери жүрүп жатканы маалымдалган.

“Министрликтин Суу ресурстары кызматына караштуу "Ичүүчү сууну жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү" мамлекеттик мекемеси 20-сентябрда долбоорлоо институту менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен бирге жогоруда аталган маселе боюнча жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу жыйынтыгында өрт жана архитектура боюнча макулдашуу маселелерин чечүү боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди. Жакынкы арада долбоордук-сметалык документтер мамлекеттик экспертизага тапшырыларын белгилейбиз. Мамлекеттик экспертизанын оң корутундусу алынгандан кийин курулуш-монтаждоо иштерине тендер жарыялоо жол-жобосу ишке киргизилет”, - деп жазылган билдирүүдө.

Таза суу маселеси өлкөдөгү көйгөйлүү маселелердин бири. Айрыкча ичүүчү суунун тартыштыгы аймактарда курч. Ичкенге таза суу жеткиликтүү болбогон айылдарда күз мезгилдеринде ичеги-карын оорулары, жугуштуу илдеттерге байланыштуу маселе жаралат.

Министрликтин 30-июлда берген маалыматында Кыргызстандагы 1906 айылдын 637си гана таза суу менен камсыздалган. Дагы 1071 айылга жакын арада ичүүчү суу киргизүү зарылчылыгы бар. Мекеме учурда өлкө боюнча 260 айылга таза суу киргизүү программасы иштеп жатканын маалымдаган. (TAb)

XS
SM
MD
LG