Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:17

Депутат Масалиев журналисттерге кысым күчөгөнүн айтты


Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Кыргызстанда Интернетте жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалган маалымат тараткандарга айып пул салуу боюнча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги сунуштаган мыйзам долбоорун артка чакыртып алууну сунуштады.

Ал 27-сентябрда Бишкекте жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандык коом, министрликтин кызматкерлери менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан жыйында өлкөдө журналисттерге басым-кысым күчөгөнүн айтты.

“Акыркы күндөрү камоолордон эле кол бошобой калды. Күнүгө, ай сайын жаңылыкты карасаң “баланча журналист камалды, жоопко тартылды, бийликти алмаштырууга даярдык көрүптүр” деген жаңылыктар. Иш сотко жеткенде анан акырын баары жокко чыгат. Бирок ошол журналист унчукпай калат. Бул да аз болгонсуп эми парламентке мыйзам долбоору келип, каралып жатат”, - деди ал.

Ушул эле жыйында акыйкатчы Жамиля Жаманбаева да мыйзам долбоорун артка кайтаруу демилгесин көтөрдү.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарында, сайтта, сайттын социалдык тармактардагы баракчасында жалган маалымат тараткан адамдарга 100 миӊ сом, юридикалык жактарга 200 миӊ сом айып пул салуу сунушун берген. “Укук бузуулар жөнүндө” кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу министрлик иштеп чыккан мыйзам долбоору 27-августта коомдук талкууга коюлган.

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация жана архитектура боюнча комитети документти 17-сентябрдагы отурумунда биринчи окууда колдогон.

Маданият министрлигинин маалыматтык саясат башкармалыгынын башчысы Салкын Сарногоева “Укук бузуулар жөнүндө” кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунун демилгечиси президенттин администрациясы экенин айтты. Маалымат тармагындагы ыйгарым укуктуу орган катары аны коомдук талкууга чыгарып, жарыялоо министрликке жүктөлгөн.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги буга чейин Интернеттеги жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жалаа жана мазактоо сөздөрү үчүн айып пул салуу демилгесин көтөрүп, мыйзам долбоорун даярдаган. Анда да жалаа жапкан жеке адамдарга 100 миң сом, ишканаларга 200 миң сом айып пул салуу каралган.

Кыргызстан Freedom House, Human Rights Watch (HRW) сыяктуу бир катар эл аралык уюмдардын акыркы баяндамасында төртүнчү жылы катары менен “эркин эмес” мамлекет деп аталды. Буга өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгону негиз кылынган.

Ушул тапта январь айында жапырт кармалган 11 журналисттин иши боюнча сот иштери жүрүп жатат. 26-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда прокурор алардын ар бирин алты жылдан абакка кесүүнү сурады.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG