Садыр Жапаров азыр бардык ишке президент жооптуу экенин айтты

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда Конституция алмашкандан кийин өлкөдө бийликтин, президенттин жоопкерчилиги күчөтүлгөнүн билдирди. Бул тууралуу ал 26-сентябрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген маегинде айтты.

“Азыр президентти мыйзамдар менен жооп бересиң деп көшөгөнүн артынан элдин алдына чыгарып койдук. Учурдагы система таптакыр башка болду. Мейли президент канча премьер-министр алмаштырбасын жалпы элдин, мамлекеттин тагдыры менен жоопкерчилиги баары бир президенттин мойнунда. Менден кийин ким президент болуп келбесин мамлекеттин жакшысына да, жаманына да өз башы менен эл алдында жооп берет”, - деди ал.

Садыр Жапаров ушул эле интервьюсунда мурдагы президент Аскар Акаев тууралуу комментарий берип жатып, эл бийликте бир эле киши отура берсе тажап кетерин, ушундан улам дүйнө жүзүндө президенттер 7 жылга бир жолу же 4-5 жылдан эки жолу шайланат деген эреже бар экенин айтты.

2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Конституция өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла азайган.

2021-жылы кабыл алынган Конституция боюнча Кыргызстанда президент беш жылдык мөөнөткө шайланат. Садыр Жапаров 2021-жылы 10-январдагы президенттик шайлоодо дээрлик 80% добуш менен утуп чыгып, 28-январда расмий ишке кирген. (BTo)

Дагы караңыз

Ала-Бука: Милиция бөлүмүндө сабалды делген адамдын окуясы иликтенүүдөСадыр Жапаров Аскар Акаев боюнча талкууга комментарий бердиТашиев бийлик жакындарын мамлекеттик ишке кийлигиштирбей турганын айттыПрокурор 11 журналисттин ар бирин алты жылдан абакка кесүүнү сурадыУКМК Эркин Мамбеталиев мүлкүн мамлекетке өткөрүп бергенин билдирди 25-сентябрь: Газада 41,5 миң киши өлгөнү кабарланды, “Куликовский” 20 млн сом айыпка жыгылдыОрусия «жынысын өзгөртүүгө» уруксат бар өлкө жарандарына бала асыроого тыюу салат