Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:37

УКМК Эркин Мамбеталиев мүлкүн мамлекетке өткөрүп бергенин билдирди


УКМК тараткан сүрөттөр. Коллаж.
УКМК тараткан сүрөттөр. Коллаж.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кримтөбөл деген Эркин Мамбеталиев бир катар мүлкүн мамлекетке өткөрүп бергенин 25-сентябрда билдирди.

Атайын кызмат "кылмыштуу жол менен табылган" деген мүлктүн тизмесин жарыялады. Анда Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылында жайгашкан “Эдельвейс” эс алуу борбору, Бишкек шаарындагы үч жана эки бөлмөлүү батир, Lexus LX 570 жана Dodge RAM маркасындагы эки унаа, үч гидроцикл, үч квадроцикл жана улуттук кийизден жасалган боз үй бар.

Анын баасы 5 миллион 716 миң 307 АКШ долларына (489 миллион 886 миң сомго) бааланган.

Эркин Мамбеталиев 8-августта Бишкектин көчөлөрүнүн биринде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери тарабынан кармалганы кабарланган.

Мамбеталиев - Кыргызстандын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы.

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деген шек менен оор кылмыштарга айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган. Бир нече жолу абактан бошоп чыккан.

Анын адвокаттары, жакындары комментарий бере элек. (TAb)

XS
SM
MD
LG