Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:26

25-сентябрь: Газада 41,5 миң киши өлгөнү кабарланды, “Куликовский” 20 млн сом айыпка жыгылды


Газада жер которууга мажбур болгон палестин аял, 10-сентябрь, 2024-жыл
Газада жер которууга мажбур болгон палестин аял, 10-сентябрь, 2024-жыл

25-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Жогорку Кеңеш Аскар Акаевге "экс-президент" макамын кайтарып берген жок

Жогорку Кеңеш 25-сентябрдагы сессиясында Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызын талкуусуз эле четке какты. Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети 24-сентябрдагы жыйынында ушундай эле токтом кабыл алган. Акаев Жогорку Кеңешке экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп арыз бергени 5-сентябрда белгилүү болгон. Акаевдин “экс-президент” макамы 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн декрети менен алынган.

“Элдик курултай жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору өткөн жок

Жогорку Кеңеш “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду четке какты. Парламенттин 25-сентябрдагы жыйынында документке сегиз депутат “макул”, 59 депутат “каршы” добуш берди. Документ быйыл март айында коомдук талкууга коюлган. Анда 700 делегат курултайды өткөрүү мезгилине гана эмес, аларды бир жылдык мөөнөткө да шайлоо сунушу жазылган. Биринчи Элдик курултай 2022-жылы ноябрда, экинчиси былтыр декабрь айында өткөн. Үчүнчү Элдик курултай быйыл 20-декабрда болот.

“Куликовскийге” 20 миллион сом айып салынды

Салык кызматы “Куликовский” кондитердик үйүн текшерүүнү жыйынтыктап, компанияга 20 миллион сом айып салды. Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна “Куликовскийдин” башкы директору Денис Гайворонский ырастады. Коюлган негизги доомат компаниянын башка соода түйүндөрүндө сатылып жаткан, жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды эсептен чыгарууга байланыштуу болгон. 4-сентябрда УКМКнын кызматкерлери “Куликовский” кондитердик үйүндө тинтүү жүргүзгөнүн бир нече жалпыга маалымдоо каражаты укук коргоо органдарындагы жеке булактарына таянып жазып чыгышкан. Атайын кызмат бул тууралуу расмий маалымат бере элек. Компаниянын сайтындагы маалыматка караганда, “Куликовскийдин” Кыргызстан, Казакстан жана Орусияда жалпы жүздөн ашык дүкөнү бар жана аларда 1500дей кызматкер иштейт.

Кызыл-Омполдон титаномагнетит өндүрүлөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусундагы Таш-Булак участогунда Кыргызстандагы эң ири титаномагнетит кени – Кызыл-Омполдо казуу иштери башталганын билдирген мезгил кутусун салды. Жапаров титаномагнетитти алууда уран, торийди коопсуз казып алууну камсыз кылуучу технологиялар колдонуларын жана бул элементтер эл аралык коопсуздук талаптарын сактоо менен ташыларын билдирген. Президент Садыр Жапаров 19-февралда Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп, Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан. Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Кызыл-Омполдо болжол менен 14 млн 757 миң тонна кен бар. Анын ичинен 95% титаномагнетит, 3% фосфор, 2% цирконий, 0,22% торий жана 0,17% уран.

Газада согушта өлгөндөрдүн саны 41,5 миңге жеткени кабарланды

25-сентябрда ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси соңку 24 саатта эле 28 киши каза тапканын билдирди. Жараат алгандар согуш башталган күндөн тартып 96 006 кишиге жеткени кабарланды. Былтыр 7-октябрда ХАМАС Газа секторунан Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон. Израил октябрдагы кандуу окуядан кийин ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа секторуна согуш ачкна.

Украина Запорожьеде Орусиянын соккусунан жети киши жараат алганын билдирди

25-сентябрга караган түнү Орусия Украинага соккуларын улантты. Соңку бир нече күндөн бери бутага алынып келаткан Запорожье облусунда өткөн түнү жети киши жараат алганын, алардын биринин абалы өтө оор экенин аймактык администрация башчысы Иван Фёдоров билдирди. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына караганда, түндө Днепропетров, Харьков, Киев, Черкасск, Кировоград, Сумы, Полтава, Николаев, Одесса жана Херсон облустарынын аймагына түрдүү типтеги сегиз ракета жана 32 согуштук дрон учурулду. Дрондордун 28и, ракеталардын төртөө жок кылынганы кабарланды. Кечээ Украинанын экинчи ири шаары Харьков Орусиянын кезектеги чабуулуна кабылып, кеминде үч кишинин өмүрү кыйылган, 24 киши жараат алган. Орусия Украинага каршы согушун 2022-жылдын февралында ачкан.

«Хезболла» Израилдин аймагына баллистикалык ракета учурду

Иран колдогон ливандык «Хезболла» жоочулар тобу 25-сентябрда Израилдин Тел-Авив шаарына ракеталык сокку урганын жарыялап, бутага «Моссад» чалгын кызматынын кеңсеси алынганын, Qader 1 баллистикалык ракетасы колдонулганын билдирди. Израилдик аскерлер Ливандын түштүгүнөн учурулган ракета атып түшүрүлгөнүн, бул өлкөдөн учурулган снаряд өлкөнүн борбордук бөлүгүнө чейин жеткен алгачкы окуя болгонун маалымдады, кыйроолор же жабыркагандар тууралуу кабарланган жок. «Хезболла» Израилдин «Моссад» мекемесин быйыл 17-18-сентябрь күндөрү Ливанда пейжер, рация жана башка байланыш, техника каражаттары жапырт жарылып, отуздан ашуун адамдын өмүрү кыйылган чабуул үчүн айыптоодо. Анда бутага негизинен "Хезболланын" мүчөлөрү алынганы кабарланган. Ал эми 22-23-сентябрда Израилдин соккуларынан Ливанда дагы 560тай адамдын өмүрү кыйылып, миңдеген адам эвакуация болгон. Бул окуялардан кийин аймакта чыңалуу курчуй баштаган.

Москвада тажик блогери камалды

Москванын Чертаново райондук соту тажикстандык блогер Салмон Ражабзоданы (Жумабой) тергөө абагына камоого чечим чыгарды. Салмон Жумабой деген ат менен таанылган блогер 7-январда Москвада кармалган. Тергөөнүн маалыматына караганда, ал «орус улутундагы адамдар тобуна карата кастык маанайда славян жүздүү кыздардын кадыр-баркын кемсинткен» деп айыпталууда. Социалдык түйүндөрдөгү маалыматтарга караганда, ошол кезде Интернетке «жакында орус кыздардын баары биздики болот» деп айтып жаткан видео тараган. Блогер өзү видеодогу үн аныкы эместигин, эч качан эч кимге жамандык каалабай турганын жана улут аралык кастыкка үндөбөгөнүн айткан.

XS
SM
MD
LG