Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:32

Садыр Жапаров Аскар Акаев боюнча талкууга комментарий берди


Садыр Жапаров. 31-август, 2024-жыл.
Садыр Жапаров. 31-август, 2024-жыл.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын экс-премьер-министри Апас Жумагуловдун портретинин президенттин администрациясынын “Ынтымак Ордо” имаратына илиниши жана мурдагы президент Аскар Акаевдин айланасындагы талкуулар тууралуу комментарий берди.

Мамлекет башчы 26-сентябрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген маегинде Апас Жумагулов СССР ыдырап Кыргызстан жаңы түптөлө баштаганда Аскар Акаев жетектеген бийликте премьер-министрлик кызматын аркалап, эриш-аркак жаңы мамлекетти түзүүгө салымын кошконун айтты. Ал мезгилде жаңы Конституция жана ага ылайык мыйзамдар кабыл алынганын, кыргыз валютасы сом жүгүртүүгө берилгенин кошумчалады. Ушундан улам ага урмат-сый катары портрети “Ынтымак Ордого” илингенин айтты.

Аскар Акаев боюнча да суроого жооп берип, жаңы Кыргызстанды түптөөдө анын салымы чоң экенин, бирок менчиктештирүү, айыл чарба тармагында бир топ кемчиликтерди кетиргенин билдирди.

“Мына кечээ Жогорку Кеңеш да экс-президент макамын берүүдөн баш тартып коюптур. Ошондуктан баарыбыз өткөндөн сабак алып, азчылык көпчүлүккө баш ийишибиз керек. Мен дагы бир жолу кайталайм. 99 жолу жакшы иштерди жасап, 1 жолу жаңылсаң эл кечирбейт. Адам баласынын жашоосунда табият ушундай экен. Жакшы иштериң тез эле унутулуп калат. Жаман иштериң эч качан унутулбайт. Ага капа болуштун кереги жок. Ошондуктан биз катачылык кетирбегенге аракет кылалы. Тез-тез жаңыланууларды, тез-тез өзгөрүүлөрдү, өнүгүүлөрдү жасап туралы. Мына ошондо эл баалайт, эл сыйлайт”, - деди президент.

Кыргыз Республикасынын баатыры Апас Жумагулов 1986-1991 жана 1993-1998-жылдары кыргыз өкмөтүн башкарып турган. Быйыл 90 жашка чыкты.

Жогорку Кеңеш 25-сентябрдагы сессиясында Аскар Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызын талкуусуз эле четке каккан. Ал парламентке экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп арыз бергени 5-сентябрда белгилүү болгон.

Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан элдик толкундоонун арты менен бийликтен кулатылган. Ал өлкөдөн качып кетип, ошондон бери Орусияда жашайт.

Аскар Акаев 2022-жылы Кыргызстанга эки жолу келип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) Кумтөр боюнча сурак берген. Башкы прокуратура кийин ага тагылган айыптардын баары мөөнөтү өткөндүктөн кыскартылганын билдирген.

Кыргызстан эгемендик алган 1991-жылдан бери өлкөнү беш президент башкарды. “Экс-президент” деген расмий макам алардын экөөндө гана – Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдо бар. Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев “экс” макамынан 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн декреттери, Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 27-июндагы токтому менен ажыратылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG