Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

Прокурор 11 журналисттин ар бирин алты жылдан абакка кесүүнү сурады


Абактагы төрт журналисттин соту. Бишкек шаардык соту. 4-сентябрь, 2024-жыл.
Абактагы төрт журналисттин соту. Бишкек шаардык соту. 4-сентябрь, 2024-жыл.

26-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда “Айт, айт десе” жана Temirov Live долбоорлорунун, “Арча Медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 журналистинин иши боюнча соттук отурумда прокурор шектүүлөрдүн ар бирин алты жылдан абакка кесүүнү жана эркиндикте жүргөн журналисттерди сот залынан камакка алууну сурады.

Бул жолку соттук отурумда журналисттердин материалдарына көз карандысыз экспертиза жасаган эксперт Нарынбаева көрсөтмө бермек. Ал соттук жараянга келбей калгандыктан тараптар жарыш сөзгө өттү.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Ушул тапта төрт журналист - Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта жатат.

Temirov Live редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбеков эркиндикке чыккан.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларындагы массалык башаламандыкка чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Иш козголгон журналисттер коюлган айыпты четке кагып келишет. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда. (ZKo/BTo)

XS
SM
MD
LG