Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:32

Ала-Бука: Милиция бөлүмүндө сабалды делген адамдын окуясы иликтенүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүндө кармалган адам сабалганы тууралуу окуя иликтенип жатат. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор билдирди.

Улуттук борбордун кызматкерлери кыйноо фактысы 18-сентябрда №53 мекемесине барганда аныкталганын кабарлады. Сүйлөшүүдө Е.С. аттуу адам 15-сентябрда Ала-Бука райондук милициясынын имаратында аны милиция кызматкерлери сабаганын айткан. Топтолгон материалдар прокуратурага жөнөтүлдү.

Бул окуя боюнча Жалал-Абад облустук милициянын басма сөз кызматы “Азаттыкка” маалымат берип, сабалды деп айтылып жаткан шектүү 2024-жылдын 12-сентябрында автоунаага ок чыгарган деген айып менен кармалганын билдирди.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалган. (BTo)

XS
SM
MD
LG