Ала-Бука: Милиция бөлүмүндө сабалды делген адамдын окуясы иликтенүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүндө кармалган адам сабалганы тууралуу окуя иликтенип жатат. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор билдирди.

Улуттук борбордун кызматкерлери кыйноо фактысы 18-сентябрда №53 мекемесине барганда аныкталганын кабарлады. Сүйлөшүүдө Е.С. аттуу адам 15-сентябрда Ала-Бука райондук милициясынын имаратында аны милиция кызматкерлери сабаганын айткан. Топтолгон материалдар прокуратурага жөнөтүлдү.

Бул окуя боюнча Жалал-Абад облустук милициянын басма сөз кызматы “Азаттыкка” маалымат берип, сабалды деп айтылып жаткан шектүү 2024-жылдын 12-сентябрында автоунаага ок чыгарган деген айып менен кармалганын билдирди.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалган. (BTo)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров Аскар Акаев боюнча талкууга комментарий бердиТашиев бийлик жакындарын мамлекеттик ишке кийлигиштирбей турганын айттыПрокурор 11 журналисттин ар бирин алты жылдан абакка кесүүнү сурадыЧүй облустук соту Алга Кылычовду 10 жылга абакка кескен өкүмдү күчүндө калтырдыЗеленский Орусиядан коргонууга колдоо көрсөтүүгө эл аралык коомчулукту чакырды УКМК Эркин Мамбеталиев мүлкүн мамлекетке өткөрүп бергенин билдирди 25-сентябрь: Газада 41,5 миң киши өлгөнү кабарланды, “Куликовский” 20 млн сом айыпка жыгылды