Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

Чүй облустук соту Алга Кылычовду 10 жылга абакка кескен өкүмдү күчүндө калтырды


Алга Кылычов.
Алга Кылычов.

25-сентябрда Чүй облустук соту КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычовду 10 жылга абакка кесүү тууралуу Аламүдүн райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Алга Кылычовдун адвокаты Жанат Гүлжигитов кабарлап, облустук соттун чечимине каршы эми Жогорку сотко апелляциялык арыз берерин айтты.

Алга Кылычов 21-июнда Аламүдүн райондук сотунун өкүмү менен 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча күнөөлүү деп табылып, 10 жылга кесилген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 2017-жылкы редакциясындагы “Барымтага алуу” жана “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” беренелери менен айып коюлган.

Бул чечимге каршы адвокат Жанат Гүлжигитов Чүй облустук сотуна кайрылган.

Кой-Таш окуясы боюнча сот иши 2022-жылдан бери уланууда. Ишти негизинен Биринчи май райондук соту карайт. Алга Кылычовдун иши өзүнчө бөлүнүп, Аламүдүн райондук сотуна өткөн.

Алга Кылычев Кой-Таш окуясына байланыштуу 2019-жылы кармалып, алты айга чукул Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган. Кийинчерээк үй камагына чыгарылган. Ал тергөө абагында кыйноого кабылганын “Азаттыкка” курган маегинде айтып берген.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаев 2019-жылы “Батукаев иши” боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Аны колго түшүрүү операциясында бир офицер каза болуп, 175 адам жараат алган. Бир нече иш козголуп, 2019-жылдан бери камакта отурган Алмазбек Атамбаев былтыр 14-февралда абактан бошотулган жана 15-февралда дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек.

Бишкектин Биринчи май райондук соту анын чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарган. Тергөө жана прокуратура органдары Кой-Таш окуясы боюнча коюлган айыптын далилдери жетиштүү экенин билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG