Ош: зомбулук көрдү деген бала ата-энесинен убактылуу ажыратылды

Илюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында ата-энеси жазалады деген беш жашар бала үй-бүлө жана балдарды реабилитациялоо борборуна убактылуу жайгаштырылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.

Мекеменин билдиришинче, баланын апасы уулу жолдогу машиналарга, кошуналардын терезесине таш ыргытканы үчүн урушканын айткан, бирок такай сабап, кол көтөргөнү, зомбулук көрсөткөнү тууралуу сөздөрдү жокко чыгарган. Ал учурда экинчи күйөөсү менен жашары, жети айлык кош бойлуу экени белгилүү болгон.

Ош шаардык милициясы бул окуя териштирилип жатканын, үй-бүлөнүн тек-жайы аныкталганын билдирген.

Анын алдында социалдык тармактарда денесинин айрым жерлери көгөргөн, жара болгон, аны атасы менен апасы урганын айткан жашы жете элек баланын видеосу жарыяланган.

Ага чейин Ошто балдарга карата зомбулукка байланыштуу дагы бир видео жарыяланган. Анда Алай районунун тургуну беш-алты жашар баласына орой мамиле жасап, одоно сөздөр менен сөгүп, уктатпай, караңгыда бөлмөдөн кууп чыкканы тартылган.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева бул окуянын тергелип-териштирилишин өз көзөмөлүнө алган. Балага тиешелүү экспертизалар дайындалды жана ал таенесинин үйүнө жеткирилген.

Дагы караңыз

"Чоң жети" Ирандан Орусияга курал берүүнү токтотууну талап кылдыОрусия менен Украина 103-103 форматында туткун айырбаштадыОш казыяты түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө аялдарды дагы тартатАлагөзов тигүүчүлөр, курулушчулар таңкыс экенин билдирди Кыргызстан Кытайдын жасалма жамгыр жаадыруу ыкмасын үйрөнөтЕвропада айрым өлкөлөр суу ташкындын алдын алууга аракет кылып жатат Садыр Жапаров элди таштанды маселесинде кайдыгер болбоого чакырдыВашингтондо Киевге алыска учкан ракетаны колдонууга жол ачкан чечим кабыл алган жокТашиев алтын кенге берилген 23 лицензия мамлекетке өткөнүн айтты Ошто ата-энеси жазалады деген баланын окуясы иликтенип жататЖалал-Абад, Талас, Чүйдө айрым жер тилкелери трансформацияланат