Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

"Чоң жети" Ирандан Орусияга курал берүүнү токтотууну талап кылды


"Чоң жетиге" Британия, Германия, Италия, Канада, Франция, Жапония жана АКШ мүчө.
"Чоң жетиге" Британия, Германия, Италия, Канада, Франция, Жапония жана АКШ мүчө.

"Чоң жетиге" мүчө болгон өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Ирандан Орусияга курал-жарак жөнөтүүнү токтотууну талап кылды. Алардын биргелешкен кайрылуусунда Тегерандын Москвага баллистикалык ракета жөнөткөнү сынга кабылган.

Соңку күндөрү бир катар Батыш мамлекеттери Иран Орусияга Fath-360 үлгүсүндөгү ракеталарды жөнөткөнүн билдирип жатат. Тегеран мындай маалыматтарды четке каккан, Москва болсо комментарий берүүдөн баш тарткан.

Бул жагдайга байланыштуу Британия, Франция жана Германия Иран менен эки тараптуу аба каттамдарына байланыштуу келишимди жокко чыгарып, Iran Air авиакомпаниясына санкция салууну чечкен.

АКШ дагы санкциялык тизмесин кеңейтип, ага Орусия менен Ирандын жаңы компанияларын, жеке адамдарды киргизген. Тегеран бул кадамдарга жооп берилерин эскерткен.

"Чоң жетиге" Британия, Германия, Италия, Канада, Франция, Жапония жана АКШ мүчө.

Москва Украинага кол салгандан бери Тегеран Иранда жасалган Shahed жана Mohajer дрондорунун согушта колдонулушуна байланыштуу санкцияларга кабылып келатат.

Бирок Иран уруш тутангандан бери Орусияга курал бергенин четке кагууда жана бул жаңжалда бейтараптуулукту карманарын айтууда.

XS
SM
MD
LG