Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:16

Жалал-Абад, Талас, Чүйдө айрым жер тилкелери трансформацияланат


Иллюстрация
Иллюстрация

Министрлер кабинетинин соңку жыйынында Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарында айрым жер тилкелеринин категориясын башка категорияга которуу (трансформациялоо) чечимдери кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады жана анын чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат берилген жок.

Кыргызстанда миңдеген гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен, иш жүзүндө там салынып, ондогон жаңы конуштар пайда болгон. Алардын көбүн жарандар 2005-2010-жылдары бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алып, кийин ар кимге сатып жиберген.

2021-жылы апрелде “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу тууралуу”, башкача айтканда, жер мунапысы жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган. Мындан тышкары ошол эле жылдын 15-августунда "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү кирген.

Соңку, март айындагы маалыматка ылайык, Жер мунапысына байланыштуу атайын комиссияга жалпысынан өлкө боюнча 142 миң 752 арыз келип түшкөн. Учурда 34 миң 112 үйгө паспорт, 46 миң 673 жер тилкесине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар берилди. Жалпы 8 миң 930 гектар жер трансформацияланган.

XS
SM
MD
LG