"Чоң жети" Ирандан Орусияга курал берүүнү токтотууну талап кылды

"Чоң жетиге" Британия, Германия, Италия, Канада, Франция, Жапония жана АКШ мүчө.

"Чоң жетиге" мүчө болгон өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Ирандан Орусияга курал-жарак жөнөтүүнү токтотууну талап кылды. Алардын биргелешкен кайрылуусунда Тегерандын Москвага баллистикалык ракета жөнөткөнү сынга кабылган.

Соңку күндөрү бир катар Батыш мамлекеттери Иран Орусияга Fath-360 үлгүсүндөгү ракеталарды жөнөткөнүн билдирип жатат. Тегеран мындай маалыматтарды четке каккан, Москва болсо комментарий берүүдөн баш тарткан.

Бул жагдайга байланыштуу Британия, Франция жана Германия Иран менен эки тараптуу аба каттамдарына байланыштуу келишимди жокко чыгарып, Iran Air авиакомпаниясына санкция салууну чечкен.

АКШ дагы санкциялык тизмесин кеңейтип, ага Орусия менен Ирандын жаңы компанияларын, жеке адамдарды киргизген. Тегеран бул кадамдарга жооп берилерин эскерткен.

"Чоң жетиге" Британия, Германия, Италия, Канада, Франция, Жапония жана АКШ мүчө.

Москва Украинага кол салгандан бери Тегеран Иранда жасалган Shahed жана Mohajer дрондорунун согушта колдонулушуна байланыштуу санкцияларга кабылып келатат.

Бирок Иран уруш тутангандан бери Орусияга курал бергенин четке кагууда жана бул жаңжалда бейтараптуулукту карманарын айтууда.

Дагы караңыз

Орусия менен Украина 103-103 форматында туткун айырбаштадыОш казыяты түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө аялдарды дагы тартатАлагөзов тигүүчүлөр, курулушчулар таңкыс экенин билдирди Кыргызстан Кытайдын жасалма жамгыр жаадыруу ыкмасын үйрөнөтЕвропада айрым өлкөлөр суу ташкындын алдын алууга аракет кылып жатат Садыр Жапаров элди таштанды маселесинде кайдыгер болбоого чакырдыВашингтондо Киевге алыска учкан ракетаны колдонууга жол ачкан чечим кабыл алган жокКытайда 1950-жылдан бери биринчи жолу пенсия курагы жогорулайтТашиев алтын кенге берилген 23 лицензия мамлекетке өткөнүн айтты Ошто ата-энеси жазалады деген баланын окуясы иликтенип жататЖалал-Абад, Талас, Чүйдө айрым жер тилкелери трансформацияланат