Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:05

Кытайда 1950-жылдан бери биринчи жолу пенсия курагы жогорулайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытай бийлиги 1950-жылдан бери биринчи жолу пенсия курагын жогорулатууну чечти. Би-Би-Си кызматынын билдиришинче, бул чечим орточо жаш курактын узарышына байланыштуу жана мамлекеттик пенсиялык бюджетти азайтуу максатында кабыл алынды.

Жума күнү Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйынында өнөр жай тармагында иштеген аялдардын пенсия курагын 50дөн 55ке көтөрүү, мамлекеттик мекемеде иштегендердикин 55тен 58кө чейин жогорулатуу сунушу колдоо тапты. Эркектер болсо азыркыдай 60 жаштан эмес, 63кө чыкканда гана пенсияга кетет.

Пенсия курагы 15 жылдын аралыгында баскыч-баскыч менен жогорулатылат.

Кытайдагы азыркы пенсия курагы дүйнөдөгү эң төмөнкү курактардын бири болуп саналат.

Бул өлкөдө былтыр экинчи жыл катары менен калктын саны азая баштаган. Ошону менен катар орточо жаш курак 78,2 болуп узарган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2040-жылга карата Кытайда калктын дээрлик үчтөн бир бөлүгүнүн – 402 миллиондой адамдын жаш курагы 60тан ашарын билдирген. 2019-жылы бул көрсөткүч 254 миллион адамды түзгөн.

XS
SM
MD
LG