Ош казыяты түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө аялдарды дагы тартат

Муфтият тараткан сүрөт.

Ош облустук казыяты жетиштүү диний билими бар, адис аялдарды диний радикализмдин алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө тартат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы кабарлады. Ага ылайык, облустук казынын орун басары басары Абдималик Турсунбеков Ноокат, Араван, Өзгөн жана Кара-Суу райондорундагы жетиштүү диний билими бар аялдар менен жолугуп, аларды кызматташууга чакырды жана келишим түзүлдү.

"Дин кызматкерлери түшүндүрүү иштерин мечиттерде, жума баяндарда, эл чогулган той-аштарда негизинен эркектерге жеткирип келебиз. Ал эми аялдарга терс агымдарга кирип кетүүсүн алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө жана иш-чараларды уюштурууда атайын адистер керек болууда. Аялдарга түшүндүрүү иштерин аялдар айтып жеткирсе деген ойдо атайын сиздерди дасыккан адис катары таанып, биргеликте кызматташсак. Аял деген үйдүн куту, бала тарбиясында орду чоң. Ошол себептен аялдарга Ханафий мазхабын, Матуридий акыйдасын туура жеткирүү керек", - деген Турсунбеков бул жолугушууда.

Буга чейин Кыргызстанда муфтияттагы жетекчилик орундардын бирин аялга берүү, кыз-келиндер менен иштөө бөлүмүн түзүү демилгеси көтөрүлгөн жана бул талаш-талкуу жараткан.

Расмий маалыматка ылайык, муфтиятка караштуу диний окуу жайлардын 25% кыз-келиндер билим алат.

Август айынын аягында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Документте никаб, паранжы жана үймө-үй кыдырып үгүт кылууга байланыштуу тартип-эрежелер жазылган.

Ушул айдын башында президент Садыр Жапаров тиешелүү жетекчилер менен кеңешме өткөрүп, жаңы мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечимин кабыл алынганы белгилүү болгон, бирок анын мазумуну азырынча жарыялана элек.

Дагы караңыз

Орусия менен Украина 103-103 форматында туткун айырбаштадыАлагөзов тигүүчүлөр, курулушчулар таңкыс экенин билдирди Кыргызстан Кытайдын жасалма жамгыр жаадыруу ыкмасын үйрөнөтЕвропада айрым өлкөлөр суу ташкындын алдын алууга аракет кылып жатат Садыр Жапаров элди таштанды маселесинде кайдыгер болбоого чакырдыВашингтондо Киевге алыска учкан ракетаны колдонууга жол ачкан чечим кабыл алган жокКытайда 1950-жылдан бери биринчи жолу пенсия курагы жогорулайтТашиев алтын кенге берилген 23 лицензия мамлекетке өткөнүн айтты Жалал-Абад, Талас, Чүйдө айрым жер тилкелери трансформацияланат Ошто ата-энеси жазалады деген баланын окуясы иликтенип жатат