Орусия менен Украина 103-103 форматында туткун айырбаштады

Москва менен Киев ишембиде, 14-сентябрда 103 кишиге 103 адам деген форматта туткун айырбаштады. Украинанын акыйкатчысы Дмитрий Лубинец анда мекенине негизинен согуштун биринчи күнүндө колго түшкөндөр, “Азовсталь” ишканасын кайтаргандар кайтып келгенин маалымдады. Туткундардын 82си катардагы жоокерлер менен сержанттар, калган 21и офицерлер экени айтылды.

Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, айырбашталган туткундардын арасында Курск багытында колго түшкөн жоокерлер бар. Учурда алар Беларуска жеткирилип, тиешелүү жардам берилип жатат. Мекенине кайтып келгенден кийин дарылоо, реабилитациядан өткөрүлөт.

Министрлик туткун айырбаштоого Бириккен Араб Эмирлиги ортомчулук кылганын белгиледи.

Эки өлкө 13-сентябрда дагы 49-49 деген форматта туткун алмашкан.

Украин президенти Владимир Зеленский анда үйүнө кайткандардын арасында 2022-жылы декабрда Орусия аннексиялап алган Крымдагы оорулуу атасын көрүп келгени барган, орус бийлиги тыңчылыкка айыптаган крымдык татар Ление Умерова, "Азовсталь" ишканасынын коргоочулары жана Украинанын Баатыры, аскердик дарыгер Виктор Ивчук да бар экенин айткан.

"Украинская правда" кабарлагандай, туткундан бошотулгандар арасында эки жылдан бери камакта отурган, Мариуполдо колго түшүрүлгөн "Азов" полкунун 15 аскер кызматкери да бар, алардын көбү аялдар болгон.

Дагы караңыз

Алагөзов тигүүчүлөр, курулушчулар таңкыс экенин билдирди Кыргызстан Кытайдын жасалма жамгыр жаадыруу ыкмасын үйрөнөтЕвропада айрым өлкөлөр суу ташкындын алдын алууга аракет кылып жатат Садыр Жапаров элди таштанды маселесинде кайдыгер болбоого чакырдыВашингтондо Киевге алыска учкан ракетаны колдонууга жол ачкан чечим кабыл алган жокКытайда 1950-жылдан бери биринчи жолу пенсия курагы жогорулайтТашиев алтын кенге берилген 23 лицензия мамлекетке өткөнүн айтты Ошто ата-энеси жазалады деген баланын окуясы иликтенип жататЖалал-Абад, Талас, Чүйдө айрым жер тилкелери трансформацияланат