Кыргызстан Кытайдын жасалма жамгыр жаадыруу ыкмасын үйрөнөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 13-сентябрда Бишкекте Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономдуу районунун элдик өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Сунь Хуньмэй менен жолукту.

Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда тараптар эки өлкөнүн чек арасындагы өткөрмө бекеттерге, темир жол куруу долбооруна жана айыл чарба продукцияларын эксорттоо-импорттоого байланыштуу жагдайды талкуулады. Андан сырткары Кытайдын жасалма жамгыр жаадыруу тажрыйба-ыкмасын үйрөнүү тууралуу сөз болду.

"Бакыт Төрөбаев кургакчылык болгон маалда жасалма жамгыр жаадыруу ыкмасын колдонууга байланыштуу Шинжаңдагы компанияларды тажрыйба алмашууга жана кызматташууга чакырды", - деп жазылган маалыматта.

Быйыл жыл башында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023-жылы Кыргызстанда 42,5 миңден ашык гектар жер айдалбай калганын билдирген. Өкмөт башчы ага негизинен кургакчылык, сугат суунун тартыштыгы себеп болгонун айткан.

Акыркы жылдары Кыргызстанда дыйкан-фермерлер кургакчылыктан жабыркап, зыянга учурап келет.

Дагы караңыз

Вашингтондо Киевге алыска учкан ракетаны колдонууга жол ачкан чечим кабыл алган жокЕвропада айрым өлкөлөр суу ташкындын алдын алууга аракет кылып жатат Алагөзов тигүүчүлөр, курулушчулар таңкыс экенин билдирди Ташиев алтын кенге берилген 23 лицензия мамлекетке өткөнүн айтты Ошто ата-энеси жазалады деген баланын окуясы иликтенип жататКытайда 1950-жылдан бери биринчи жолу пенсия курагы жогорулайтЖалал-Абад, Талас, Чүйдө айрым жер тилкелери трансформацияланат