Кулматов июнь айында Ноокатта бир ишкананын айынан айылды сел каптаганын айтты

Ноокат району. 29-июнь, 2024-жыл

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов июнь айында Ош облусунун Ноокат районунда болгон селде көмүр казган ишкананын айынан бир айылды сел суулары каптаганын билдирди.

Бул тууралуу ал 6-сентябрда Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

“Ноокатта Абшыр-Ата айылындагы төрт көчө деген жеринен солго бурулганда көмүр кен бар экен. Ошол көмүр кен 1000-1500 миңдик цемент шакекчелерди коюп койгон экен. Анан анын үстүнөн сел ашып агып кетиши керек эле. Бирок көмүр казган компания анын ичин толтуруп салыптыр. Ошол жерге суу топтолуп, сол жагындагы айылды сел каптап кеткен”, - деди ал.

Эделбек Кулматов көмүр казган ишкананын атын атаган жок.

Ноокат районунун аймагында акыркы айда бир нече жолу сел жүрдү. 28-30-июндагы катуу селде 10дон ашык адам каза тапкан.

Расмий маалыматка караганда, 2024-жылдын башынан бери өлкөдө 331 сел жүрүп, андан 22 адам набыт кетти. Сел 3 752 үйдү, 84 социалдык мекемени каптаган. Жаратылыш кырсыгынан 411 чакырым жол, 29 чакырым каналдар жабыркады. 99 турак-жай таптакыр жараксыз болуп калган. (BTo)

Дагы караңыз

Акылбек Жапаров Ооганстандын Кыргызстандагы өкүлү менен жолугушту Кыргыз-түрк достугу ооруканасына Эрдогандын ысымы берилдиЗеленский Германиянын канцлери Шольц менен Берлинде жолугатПакистан: жыл башынан бери антитеррордук операцияларда 200дөй аскер набыт болгонКыргызстан сатып алган Dash 8 Q400 учагы өлкөгө келди Жер көчкү коркунучу бар аймактарда 3817 үй-бүлө жашайтТоктогул ГЭСиндеги №1 агрегатты оңдоо иштеринин 80% аяктадыУлуттук банк валюта базарынан дагы 22 млн 500 миң доллар сатып алды