Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:34

Пакистан: жыл башынан бери антитеррордук операцияларда 200дөй аскер набыт болгон


Пакистан армиясынын маалымат катчысы, генерал-майор Ахмед Шариф Чаудхри.
Пакистан армиясынын маалымат катчысы, генерал-майор Ахмед Шариф Чаудхри.

Пакистанда жыл башынан бери террорчулукка каршы операцияларда армия 193 аскеринен айрылган. Бул тууралуу 5-сентябрда армиянын маалымат катчысы, генерал-майор Ахмед Шариф Чаудхри билдирди. Ал кошумчалагандай, соңку бир айда эле террочулукка каршы жүргүзүлгөн төрт миңдей операциянын алкагында 90дой ыктымал согушкер жок кылынган. Чаудхри армия жана коопсуздук органдары күнүнө 130дай операция жүргүзөрүн белгиледи. Ал эми жыл башынан берки көрсөткүч 32 миңден ашат.

Пакистанда армия согушкерлерге каршы рейддерди күчөткөн.

Чаудхринин айтымында, пакистан армиясы "террорчулукту" түп-тамыры менен жок кылуу үчүн аракет көрүүдө.

Ал кайсы террордук уюмдар экенин тактаган жок. Бирок согушкерлерди чет элдик "элементтер" машыгуудан өткөрүп келишкенин кошумчалады.

Соңку кездери кандуу чабуулдарды уюштурганы үчүн жоопкерчиликти өзүнө "Техрик-е Талибан Пакистан" тобу алып келет.

XS
SM
MD
LG