Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:09

Кыргызстан сатып алган Dash 8 Q400 учагы өлкөгө келди


Кыргызстан сатып алган Dash 8 Q400 учагы өлкөгө келди.
Кыргызстан сатып алган Dash 8 Q400 учагы өлкөгө келди.

“"Манас" эл аралык аэропорту” ишканасынын “Асман аба жолдору” авиакомпаниясы үчүн сатып алынган Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү биринчи учак 6-сентябрда Кыргызстанга келди.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, жаңы учактар менен тик учактардын алынышы жана мамлекеттик мекемелердин автоунааларынын жаңыланышы өлкө экономикасынын өскөнүнөн кабар бере турганын айтты.

Расмий маалыматка ылайык, Канаданын “DeHavilland Aircraft of Canada” компаниясынын Bombardier Dash 8 Q-400 учагы 80 жүргүнчүнү батырып, 2 миң чакырымга чейинки аралыкка учуп бара алат.

Өкмөт бул учак кыска аралыкка учканга ыңгайлуу экенин, Кыргызстандын шаарлары менен облустарынын ортосундагы каттамдарга ылайык келерин билдирди.

“Асман аба жолдору” мамлекеттик авиакомпаниясы 27-сентябрдан баштап өлкөнүн ичинде бардык багыттар боюнча ички каттамдарды аткара баштайт. Ага ылайык, Талас, Нарын, Караколго аба каттамдары ачылат. Ишканага жакын арада дагы бир учак келери, компания ноябрда дагы бир учак сатып алары айтылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG