Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Токтогул ГЭСиндеги №1 агрегатты оңдоо иштеринин 80% аяктады


№1 гидроагрегатты оңдоо иштери. Токтогул ГЭСи. Август, 2024-жыл. Энергетика министрлигинин сүрөтү.
№1 гидроагрегатты оңдоо иштери. Токтогул ГЭСи. Август, 2024-жыл. Энергетика министрлигинин сүрөтү.

Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы Токтогул гидроэлектрстанциясындагы (ГЭС) №1 гидроагрегатты оңдоо иштеринин 80% аяктаганын билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, №1 гидроагрегаттын генераторунун статору толугу менен чогултулуп, сыноодон өткөрүлдү. Ротору чогултулуп, орнотулду. Мекеме №1 гидроагрегат ишке кирсе ГЭСтин кубаттуулугуна дагы 60 мВт кошула турганын кабарлады.

“Электр станциялары” ишканасына караштуу Токтогул гидроэлектрстанциясынын (ГЭС) №1 гидроагрегаты 5-марттан тартып реконструкцияга берилип, токтотулган. Токтогул ГЭСинде төрт агрегат бар. №4 агрегат 2022-жылы жана №2 агрегат 2023-жылы оңдоодон өткөн. №3 агрегат 2025-жылы реконструкцияланышы керек.

ГЭСтин жалпы кубаттуулугу ушул маалга чейин 1200 мВт деп эсептелген. Соңку жаңылоолордон кийин станциянын күчү 1320 мВт чекке жетти. Реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери толук аяктаса, анын кубаттуулугу 1440 мВт көбөйөт деп пландалган. (BTo)

XS
SM
MD
LG