Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:20

Акылбек Жапаров Ооганстандын Кыргызстандагы өкүлү менен жолугушту


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ооганстандын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Нурулла Амин менен жолугушту. Бул жөнүндө 6-сентябрда кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлап, жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы мындан аркы кызматташуунун ар кайсы багыттары тууралуу пикир алышуу болгонун билдирди.

Акылбек Жапаров Кыргызстан Ооганстан менен соода-экономикалык мамилелерди, транспорттук байланыштарды өнүктүрүүгө, Ооганстандагы кен байлыктарды биргелешип иштетүүгө, энергетика, өнөр жай жана айыл чарба тармагында кызматташууга кызыкдар экенин айтты.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы жакында эле террорчул жана экстремисттик уюм катары Кыргызстандын аймагында тыюу салынган 20 диний бирикменин тизмесин жарыялаган. Анда “Талибан” кыймылы жок. Бирок азырынча бул кыймыл террорчул уюмдардын тизмесинен чыгарылганы же чыгарылбаганы тууралуу расмий маалымат бериле элек.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2006-жылы 15-сентябрда “Талибанды” террористтик уюм деп таап, Кыргызстандын аймагында иш жүргүзүшүнө тыюу салган.

Ооганстанды 1996-2001-жылдары башкарган “Талибан” кыймылы бийликти 20 жылдан кийин, 2021-жылы август айында америкалык аскерлер өлкөдөн чыгып кеткенден кийин кайрадан өз колуна алган.

Казакстан “Талибанды” өлкөнүн террорчул уюмдар тизмесинен чыгарган. (BTo)

XS
SM
MD
LG