Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:39

Улуттук банк валюта базарынан дагы 22 млн 500 миң доллар сатып алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк 5-сентябрда валюта базарынан 22 миллион 500 миң доллар сатып алды. Бул маалымат банктын расмий сайтына жарыяланды.

Ушуну менен өлкөнүн негизги банкы жыл башынан 18 ирет интервенция жасап, анын көбүндө долларды сатып алды.

Ушул тапта доллардын расмий курсу 84 сом 23 тыйын болууда. Коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында бир доллар 84 сомдон сатып алынып, 84 сом 60 тыйындан сатылууда.

Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. (BTo)

XS
SM
MD
LG